Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жол кырсыктарын алдын алуу максатында республика аймагында иш чара өткөрдү

Кыргыз Республикасынын ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын көзөмөлүндө республика аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш чара жүргүзүшүп, жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга карата тиешелүү чараларды көрүштү.

2018-жылдын 19-февраль күнүнөн 25-февраль кундөрү өткөрүлгөн иш-чаранын негизги максаты республика аймагында болуп жаткан жол кырсыктарын азайтуу, алдын алуу, болтурбоо жана жол кыймылынын катышуучуларынын арасында одоно жолбузган айдоочуларга карата тиешелүү чараларды көрүү.

Аталган рейддик иш-чаранын алкагында жалпы жолунан жол эрежесин бузган 23566 факты аныкталса, анын ичинен мас абалда автоунаа башкарган 284 айдоочу кармалып тиешелүү чаралар көрүлгөн.

Ал эми, 4950 айдоочуга автоунаалары нтуура эмес токтоткондугу учун, 79 айдоочуга унаанын терезелерин караңгылатып башкаргандыгы, 4807 айдоочуга коопсуздук курун тагынбай унаа башкаргандыгы учун, ошондой эле, андан башка жол кыймылынын эрежелерин бузган 13446 айдоочуга административдик протоколдор түзүлүп, 1171 автоунаа атайын айып төлөнүүчү аянтчаларга токтотулду.