Чүй ОИИББгы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тез жардам кызматкерлери менен биргеликтүү профилактикалык иш чара өткөрүштү

2019 жылдын 14 январь күну Чүй ОИИББгы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тез жардам кызматкерлери менен биргеликтүү Суусамыр өрөөнүндө эл ташуучу айдоочуларга карата профилактикалык иш чара өткөрүлдү.

 

Бул иш чара Бишкек-Ош автожолунда жүргөн минивен айдоочуларга карата өткөрүлдү. 

 

Профилактикалык иштер өткөрүлүп жаткан учурда ЖКККБнын кызматкерлери минивен айдоочуларын токтотуп, айдоочулар тез жардам көзөмөлүнөн өтүп, алардын кан басымы жана ден - соолугу текшерилди.  Анткени, тоолуу аймактарда узак жолдо айдоочунун кан басымы төмөндөп же көтөрүлүп кетиши мүмкүн, ошонун кесепетинен айдоочу жол кырсыгына учурап кетүүсүнө чоң коркунуч алып келет.

 

Текшерилип бүткөн айдоочуларга ЖКККБнын кызматкерлери жолго чыгаарда эс алууну жана жол эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Айдоочулар тарабынан ЖКККБнын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, ушундай иш чаралар өтүп туруусун суранышты.