Оюн менен окутуп үйрөтүү

Кышкы эс алуунун алдында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖККББнын кызматкерлери жолдордо балдардын коопсуздугуна өзгөчо көңүл бурууда.

24 декабрда тескөөчүлөр бала бакчанын тарбиялануучулары менен жолугуп, үгүт-насаат иш чарасын өткөрдү. Оюн аркылуу балдарга кайсыл  жерден туура жана коопсуз  өтүүгө, велосипед жана ролик тебүүгө боло тургандыгы тууралу талкуулап айтып беришти. Балдардын өзүн алып жүрүүсүнө жолдордогу абал таасир этет, ошондуктан Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ ата-энелерге жаш өспүрумдөргө жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүүнү сунуштайт. Мында башкы үйрөтүүчү ар бир ата-эне өзүнүн мисалы менен жолдо өзүн кантип алып жүрүү керектигин көрсөтүүсү керек.

https://youtu.be/Nj9KQxkzoe0