Унаа каражаттарды абага чыгарган зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү.

Унаа каражаттарды абага чыгарган зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү. 

Азыркы учурда  унаа каражаты  коомчулукта  жарандарды ташууда канаатандыруучу каражат болуп саналат, ал- айлана-чөйрөдө эң коп кирдеүүдө. Кыргыз Респуликасыныны ИИМдин ЖКККББ  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен биргеликте унаа каражатынын абага чыгарган зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча рейд өткөрдү.  Рейдин максаты  унаа каражатынын зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу. 
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы К.Джумагазиев  республикадагы абалды жакшыртуу жана айлана чөйрөгө унаа каражатынын тийгизген таасирин боюнча чараларды көрүү тапшырмасын кызматкерлерге койду. 
Текшерүүнүн жүрүшүндө унаа каражатын , жеңил, оор жүк ташуучу жана  коомдук унаа каражаттарын “МЕТА” газанализдөөдө техникалык жактан талаптарга жооп бербегендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында унаа каражаты  абага зыяндуу заттарды жогорку ченемде чыгарган унааларды административдик жоопкерчиликке тартуу суроосу каралат.
Кыргыз Республикасынын  административдик укук бузуу кодексинин 173 беренесине ылайык 1000 айып салуу каралат. 
Мындай биргелешкен рейддик иш-чаралар облустарда жана шаарларда өткөрүлүүдө.