Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жана бөлүмдөрү 7-декабрдан 13-декабрга чейин 17822 жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктады

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жана бөлүмдөрү 7-декабрдан 13-декабрга  чейин 17822 жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктады

Анын ичинен;

·        418 айдоочу тыюу салуучу жол чырагынан өткөн.

·       Унаа каражатын масс абалда башкарган 237 айдоочу кармалган.

·       1505 айдоочу унаа каражатын  жогорку ылдамдыкта башкарган.

·       Жол белгилерин сактабагандыгы үчүн- 2916  айдоочуга айып салынган.          

·       1351 айдоочу унаа каражатын жарык чыгаруучу приборун иштетпей айдаган.   

·       1587  айдоочу башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан.

·       Унаа каражатын башкарууда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн- 4786 айдоочуга айып салынган.  

·       Унаа каражатынын алдыңкы жана каптал  айнегин караңгылатуу боюнча 49  айдоочуга чара көрүлгөн.

·       Уюлдук телефонун колдонуу эрежесин бузган- 3353  айдоочуга айып салынган.

 

811  унаа каражаты атайын унаа токтотулуучу жайга токтотулган.