ЖКККББнын кызматкерлери Төө-Ашуудагы айдоочуларга жардам көрсөттү  

  Каардын бороон аралаш жаагынан улам 23-ноябрдан 25-ноябрга чейин Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Суусамыр өрөөнүндө унаа тыгыны жаралып, Токтогул районунун Арал айылынан Сосновка айылынына чейин оор жүк ташуучу жана  жеңил унааларга чектөөлөр киргизилген.  ЖКККББнын кызматкерлери татаал жолдорду кайгулдап көзөмөлдөп иш алып барууда. Алар кыштын тайгак жана боронуна карабастан, жардамга муктаж  айдоочуларга жардам көрсөтүшкөн.

Көбүнчө  унаа каражатынын бузулуп, жолдун четине тайгаланып кеткен учурлар катталып,  ЖКККББнын кызматкерлери катуу жааган каарда унаалардын дөңгөлөгүн алмаштырууга жана  унааны тыгындардан чыгарууда жардам беришкен.

 Кыргыз Республикасынын ИИМнин   ЖКККББ айдоочуларга   коопсуз аралакты саткап,   курч кыймыл аракеттерди жасабоого жана   жолго жайкы дөңгөлөк менен чыкпоону сунуштайт.