Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери Бишкек шаарындагы  №3 мектепте  үгүт-насаат иш-чарасын өткөрдү

  Бишкек шаарынын Октябрь районунун  №3 орто мектебине  КР ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу үгүт-насаат иш-чарасын өткөрдү.

  Иш-чарага  ЖКККББ жана «Toyota» борбору катышты.

 Кызматкерлер башталгыч класстын окуучуларына оюн түрүндө сабактарды өтүп, жол кыймылынын эрежелери тууларуу суроолорду талкуулашты.

    Видеонун мисалында, балдар уюштуруучулар менен жол кыймылынын эрежелерин чечмелешти.

   ЖКККББнын тескөөчүсү окуучуларга жол белгилери тууралуу жана жол кыймылынын эрежелерин бузуунун жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

  Окуучулар сабакка жигердүү катышып, өздөрү кыщыктырган суроолорду берип, кызматкерлерди конокко чакырышты.

  Иш-чаранын жыйынтыгында  «Toyota» борбору жана жана ЖКККББ тарабынан атайын белектер таратылды.