Кыргыз Республикасыныны ИИМдин ЖКККББ бүткүл дүйнөлүк жол унаа кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнү арналган инстаграмм социалдык тармагынан #жолэрежесинсактайм аталышындагы сынактын жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасыныны ИИМдин ЖКККББ бүткүл дүйнөлүк жол унаа кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнү арналган  инстаграмм социалдык тармагынан #жолэрежесинсактайм аталышындагы  сынактын жыйынтыгын чыгарды.

  Сынак  10-октябрдан 10-ноябрга чейин жол кыймылынын катышуучуларынын аң сезимин өнүктүрүү жана коомчулукту ушул көйгөйгө көңүл буруусун үндөө максатында өткөрүлгөн.

Сынактын жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо   боюнча жарандардан 100дөн ашуун видео роликтер   келип түшкөн.  

 Сынак «Pro Lex» коомдук фонду жана “Жол коопсуздугу”  менен биргеликте  БУУӨП жана  ЕККУ Кыргызстандын  колдоосу менен өткөрүлдү.

 Сынакка катышуу үчүн инстаграмм социалдык тармагына жол кыймылынын эрежеси тууралуу видео тартуу шарты коюлган.

 1-орун Бишкек шаарынын №27 орто мектебинин 10-классынын окуучулар «Maincast» тобу  туристтик жолдомого ээ болушту.

2-орун  10 жаштагы Бермет Муктарова, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү эреже тууралуу ролик тартып,  32 миң сом өлчөмүндөгү үй эмеректерин алууга  күбөлүк тапшырылды.

 3-орун Абдумалик уулу Анвар  продакшн студиясынын ишкери ээледи,     мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн унааларды туура токтотуу эрежелерин сактоого чакырган видео тарткан.  

  Ошондой эле  №61 орто мектебинин 7-классынын окуучусу Амир Акуновго жана №40 орто мектиптин  2-классынын окуучусуна кызыктыруучу белектер тапшырылды.

 ЖКККББнын кызматкерлери  сынактын катышуучуларына   жана  жол коопсуздугуна кайдыгер карабаган жарандарга ыраазычылыгыбызды билдиребиз, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин сактоого  биргелешип  иш-аракеттерди көрсөк жолдорубуз коопсуз болоорун баса белгилеп кетсек.