Жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен, «Мицубиси-Паджеро» автоунаанын айдоочусу кармалды

2019-жылдын 4-январында болжол менен саат 16.45 чамасында өздүгү тастыкталбаган айдоочу,  «Мицубиси-Паджеро» автоунаасынын айдоочусу Кой-Таштын борбордун көчөсү менен  түштүктү көздөй бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Жыйынтыгында 19-жаштагы А.Э Бишкек ш.  № 4шаардык ооруканага жеткирилген.

Автоунаа окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Көргөндөрдүн маалыматы боюнча, социалдык  тармактардан автоунаанын мамлекеттик номуру 08KG817ААВ болгон.

 Аламүдүн районунун ИИОнун издөө бөлүмүнүн кызматкерлери көргөндөрдү суракка алынып, видеокамералар текшерип, ыкчам-издөө иш-чарасы жүргүзүлүп,  «Мицубиси-Паджеро» автоунаасы экендиги  такталып айып унаа токтотулуучу жайга токтотулду.

Топтолгон бардык маалыматтар жана 25 жаштагы Т.С Аламүдүн районунун ИИОнун тергөө бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.