Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Джумагазиев Канат Сагынович кесиптештерди Милиция күнү менен куттуктайт
Урматтуу кесиптештер жана ардагерлер!
Сиздерди чын жүрөктөн биздин кесиптик майрамыбыз- Кыргыз Республикасынын Кыргыз милициясынын күнү менен куттуктайм!
Милиция кызматкеринин кызматы- өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана жарандардын коопсуздугунун, ден-соолугунун жана тынчылыгынын кепилдиги. Намысты коргоодо, милиция кызматкеринин мыкты сапаттары - күч жана боорукерлик, эрдик жана өз жанын аябай курмандыкка баруу.
Бул майрамда сиздерге жана жакындарыңызга бекем ден –соолук, бакубат жашоо жана тынчылык, бакыт жана Мекенге кызмат кылууда ийгилик каалайм.