Cуусамыр өрөөнүндө үч адам Бишкек-Ош унаа жолунда бара жаткан айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү тоногон

Cуусамыр өрөөнүндө үч адам Бишкек-Ош унаа жолунда бара жаткан айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү тоногон.  Тоноочулар  унаада отурган төрт адамды мылтыгын көрсөтүп коркутуп,35 миң сом тартып алган.  “Сосновка” постунун Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызаткерлери тарабынан токтотулуп кармалган.  Тескөөчүлөр текшерүүдө таксинин шашкасы жана мылтык табылган. Кылмышка шектүүнүн бирөөсү бул ишти кылганын мойнуна алган.

 Алдын ала маалыматка ылайык, кармалгандар Талас облусунда бир нече адамды тоногон, ошол эле максат менен Бишкеке келе жаткан.

Азыркы учурда кылмышка шектүүлөр Жайыл РИИБне жеткирилген.

Зарыл болгон экспертизалар дайындалган.