Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жана бөлүмдөрү 12-октябрдан 18-октябрга чейин 18169 жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктады
Анын ичинен;
-417 айдоочу тыюу салуучу жол чырагынан өткөн.
-Унаа каражатын мас абалда башкарган 189 айдоочу кармалган.
- 2065 айдоочу унаа каражатын жогорку ылдамдыкта башкарган.
-Жол белгилерин сактабагандыгы үчүн-3490 айдоочуга айып салынган.
-1629 айдоочу унаа каражатын жарык чыгаруучу приборун иштетпей айдаган.
-1540 айдоочу башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан.
-1473 айдоочу башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан.
-унаа каражатын башкарууда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн- 4175 айдоочуга айып салынган.
-Унаа каражатынын алдыңкы жана каптал айнегин караңгылатуу боюнча 35 айдоочуга чара көрүлгөн.
-Уюлдук телефонун колдонуу эрежесин бузган- 3130 айдоочуга айып салынган.
985 унаа каражаты атайын унаа токтотулуучу жайга токтотулган.