Чүй облусу боюнча ЖКККБ кызматкерлери   Төө-Ашууну  көздөй бара жаткан унаа каражаттарынын текшерүүгө алды  

2018-жылдын 18-октябрнда “СОСНОВКА” стацинардык постунда  аба-ырайынын кескин түрдө өзгөрүшүнөн улам Чүй облусу боюнча ЖКККБнын башчылары жана  кызматкерлери   Төө-Ашууну көздөй бара жаткан унаа каражаттарын текшерүүгө алды.

Бул текшерүүнүн максаты өтмөктү көздөй бара жаткан жарандардын жок кыймылынын коопсуздугун камсыздоо. Сууктун келиши менен жолдордун кээ бир жерлерине муз тоңуп өзгөчө Төө-Ашууда. Буга карабастан айрым айдоочулар унаа каражатына жетиштүү көңүл бурбагандыгын себебинен өзүнө гана эмес жүргүнчүлөргө жана башка жол кыймылынын катышуучуларына коркунуч жаратууда.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Чүй облусу боюнча ЖКККБнын башчылары жана  кызматкерлери чоң жүк ташуучу унааларына  басым жасашты. Унаа каражатынын атайын жабдуулар менен толукталгандыгын (дөңгөлөк үчүн тайууга каршы чынжырча) себеби чоң жүк ташуучу унаа каражаты тайгалкта тыгынтыкка учурап, өтмөктөн жол тыгынын пайда кылат. ЖКККБнын башчылары жана кызматкерлери жеңил унаалардын кышкы дөңгөлөгү боюнча  да текшрүүгө алды, себеби тайгалакта өтмөктөн жол унаа кырсыгы болуп кетүү коркуну бар. Текшерүүдө кээ бир айдоочулардын унааларында кышка даярдык каражаттыры жоктугуна байланыштуу кайра артка толуктоого жөнөтүлгөн.

 Чүй облусу боюнча ЖКККБнын башчылары жана  кызматкерлери бардык категориянын айдоочуларынан жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, ,  өтмөктөн өтүүдө ишеничтүү болушу үчүн тайглакта колдонулуучу каражаттарды алдын ала даярдап, унааны башкарууда аралыкты  сактоого чакырат.