Баткенде Жол унаа кырсынын жыйынтыгында 24 адам жаракат алды

2018-жылдын 17-октябрнда болжол менен саат 13:30да, “Мерседес-Бенц 412” жүргүнчү ташуучу автоунааны айдоочусу  37-жаштагы М.Ж Баткен облусунун  Лейлек районунан Бишкек шаарын көздөй бара жатып 286 км чакырымындагы “Ош-Исфана” унаажолунда алдын ала  алынган маалыматтарга ылайык, каршы тилкеге чыгып,  50-жаштагы К.Н айдоочусу башкарып келе жаткан «Мерседес-Бенц 313»  кичиавтобусун менен бетме-бет кагылышуу болгон.  Жол унаа кырсыгынын жыйынтыгында бир жүргүнчү алган жаракатынан улам окуя болгон жерден көз жумган, 4 жүргүнчүгө биринчи жардам көрсөтүлүп, 5 адам жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, дагы 16 жүргүнчү ооруканага жаткырылган. Топтолгон маалыматтар Баткен облусунун Ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Тергөө амалдары  жүрүүдө.