Айдоочуларга кеңеш

Урматтуу айдоочулар!

Сууктун келиши менен ар бир тажырыйбасы бар айдоочу болсо да же айдоочулук күбөлүгүн жаңы алган айдоочуларга жолдо унаа башкаруу оорчулукту жаратат.
Унаалар каалаган учурда башкарылгыз болуп, жол унаа кырсыгын жаратуу коркунучу жүргүнчүлөрдүн гана эмес жөө жүргүнчүлөрдүн да ар кандай оор жаракат алуу коркунучуна алып келүүдө. Бардыгынан мурда, ар бир айдоочу кышында туура айдоону гана эмес, унааны кышка даярдоону билиши керек. Муну жасоо оор эмес, ошол эле учурда жеңил да эмес, себеби бул бош убакытты талап кылат. Көбүнчө убакыт бөлө албаган адамдар бул учурду кое беришип, унаалары суукта бузулуп калат.: Унааны кышка даярдоо кереги барын же жок экендигине, албетте чечим чыгарыш сизден. Бирок алдын ала мындай даярдыкты көрбөсөңүз, кыштын суук мезгилинде өкүнүп калышыныз мүмкүн. Кышкыга унааны даярдоодо анын дөңгөлөктөрүн гана алмаштырбастан, жалпы унаанын ишке жарактуулугун да текшерүү даярдыгын көрүү зарыл. Мындай текшерүүнү унаанын бардык бөлүктөрүнөн баштап, унаа системасынын суюктугун алмаштыруу, аккумулятордун абалын текшерүү менен аны кышка даярдайбыз. Ошондо гана унааңыз кышка даяр болуп, сиз ишенимдүү боло аласыз. Качан гана унаа даяр болгон соң унаанын айдоочусу дагы кышка даярдануусу керек. Унааны башкарууда өзүн кандай алып жүрүүнү билүү үчүн төмөнкү эрежелерди сактоосу ошол жагымсыз абалдан сактап калат:
1. Унааны башкарууда курч кыймыл аракетин жасабоо керек. Бул биринчи кезекте чукул бурулуш жасап, агресивдүү айдаган айдоочуларга тиешелүү. Курч кыймыл аракеттин бир гана унааны башкарууда гана эмес унааны башка бөлүмдөрүн башкарууда дагы бут жана кол тормозу курч кыймыл аракет жасабоого аракет кылыңыз. Адистер суукта кол тормозду колдонбоосун тормоздук колодканын тоңуп калуусун алдын алуу үчүн. Мындай учурда унаанын жүрүшү мүмкүн эмес, айдоочу үчүн бул жагымсыз болушу мүмкүн.
2. Ылдамдыкты сактоо маанилүү болуп саналат. Ошол себептен ылдамдыкты сүйгөн айдоочуларга алдына эскертебиз, тайгалакта унаа өзүн таптакыр башкача алып жүрөт. Ошол себептен бул кеңешти угуп, тайгакта- эч качан чектелген ылдамдыктан жогорулатпоону, мүмкүнчүлүк болсо жай кыймыл менен жүрүү сунушталат.
3. Эгер сиз унааны биринчи жолу башкарбасаңыз же андан көптөн бери унаа башкарып жүрсөңүз дагы анчалык өзүңүзгө-өзүңүз катуу ишенбеңиз. Унаа башкарууда сак болуңуз, себеби кышкы жолдо унаа кырсыгы “баатыр” болгондуктан келип чыгат.
4. Автоунаалардын аралыгын эки же үч аралыкты карманып айдаңыз. Бул айдоонун эң маанилүү эрежеси болуп саналат. Эгер аралыкты сактасаңыз, унааны кагылышууга жеткирбей токтотууга жетишесиз.
5. Жолго чыгаарда унааны жакшылап жылытуу керек. Бул унаанын кыймылдаткыч бөлүгүнө гана тиешелүү эмес, анын ичине жана күзгү айнектерине да тиешелүү.
6. Кышкысын жол кургак болсо дагы, ылдамдыкты жогорулатпаңыз, себеби ал жолдун дөңгүл же муз экендигин байкабай калышыңыз мүмкүн.
7. Тоңбогон айнек тазалоочу суюктук жана бензин ар дайым жаныңызда камдалып жүрүшү зарыл.
8. Мындай мезгилде унааны башкарууда өзүңүздү тынч алып, ашыкча кыймыл аракетти жасоодон мисалы унааны ашып өтөм деген ойдон же алаксыгандан алыс болуңуз.
9. Эгер унааңыз күрткүгө тыгылып калса, курч кыймыл же газды басып чыгарам дебеңиз. Чуңкүрдан акырын кылдаттык менен унааны терметүү менен чыгарасыз же болбосо унааны түртүүгө жардам сураңыз.
10. Эгер Сиздин унааңыздын төрт дөңгөлөгү бирдей иштей турган болсо алар тайгалакта бат ылдамдык алат, бирок башка унаалардай эле токтой албай калып кырсыкка учурашыңыз мүнкүн. Ошондуктан унааңызга анча ишенбеңиз.
Сапарларыңыздын жүрүшүнө ийгилик каалайбыз!