Бишкекте "Коомдук транспорт" аталышындагы рейддик иш-чара өтүүдө
Акыркы күндөрү Бишкек шаарында коомдук транспорт каражаттардын катышуусундагы жол транспорт кырсыктары көп болуусуна байланыштуу, 25-сентябрнда Бишкек ШИИББ боюнча ЖКККБнын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери “Коомдук транспорт” аталышында рейддик иш-чара өткөрүлүдү. Биринчи күндөн тарта техникалык бөлүмдүн тескөөчүлөрү жол кыймылынын эрежелерин бузган 215 айдоочуга карата административдик протокодор түзүлүп, анын ичинен 58 жүргүнчү ташуучу бустар атайын унаа токтотулуучу жайга токтотулган.