ЖКККББнын кызматкерлери мектеп окуучуларына жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу сабак өттү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери  Бишкек шаарындагы “Акылтай”  мектебиндеги биринчи класстын окуучуларына интерактивдүү сабак өттү. Анда биринчи класстын окуучулары класс болуп бөлүнүп,жол кыймылынын эрежелерин, жолдон кантип өтүү керектигин жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белгилер кандай болоору тууралу билимдерин тереңдетип , театралдаштырылып уюштурулган  мектепке барчу жолду билбеген  Качкынбай аттуу балага  жолдон өтүүнүн эрежесин, жол чыгары жана жол белгилери тууралуу билгендерин айтып  жардам беришти.  Ошондой эле кызматкерлерге жана биринчи класстын окуучуларына  жол кыймылынын эрежелери жөнүндө “Жол чырак” аталышындагы бийди тартуулап,оюндун жыйынтыгында балдар жол кыймылыны эрежелерин сактоого сөз беришти.  Бардык тапшырмаларды так аткаргандыгы үчүн ЖКККББнын кызматкерлери өз колу менен жазаган боегуч китептерди белекке берип, балдарды  патурльдук автоунаанын ичине отуруп көрүүгө  урусат беришти.