2018-жылдын 20 сентябрнда «Саламатсыңбы мектеп» аталышындагы  үгүт насаат иш чарасын Талас облусу жана Бишкек шаары жыйынтыктады

Бул үгүт насаат иш чаранын максаты жаңы окуу жылдын башталышынан улам  окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелеринжол белгилеринжол кыймылынын эрежелерин жана тескөөчүн кыймыл аракети жөнүндө түшүндүрүпаны сактоого чакыруу,ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу менен болгон жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо.  “Саламатсыңбы мектеп” аталышындагы үгүт-насаат иш-чаралары республиканын бардык облустарындагы мектептерде  өткөрүлдү

 Талас облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери  Талас облусунун аймагында 112 окуу жайга эртең мененки саат 7:30дан 8:30га чейин  мектептин жанында жол коопсуздугун көзөмөлдөпокуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелери тууралуу түшүндүрүү иши жүргүзүлүпсабак башталган саатка чейин мектептин алдында жол коопсуздугун көзөмөлдөп турушат.

Ошондой эле ОсОО “Креатив-Таалим” билим берүү комплексине Бишкек ШИИББ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери    жол кыймынын эрежелери тууралуу сабактар өткөрүлүпанда 400 окуучу катышып   жолдо жүрүүнүн эрежелери жөнүндө билимдерин терендетишти.