Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкелери мектеп окуучуларына “Жол марафону” сынагын  уюштурушту

Бир айлык жаш   өспүрүмдөрдүн     катышуусундагы    жол          транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатындагы үчүт-насаат иш чаранын алкагында 19-сентябрда Токмок шаарындагы орто мектепте  билим берүү бөлүмүн өкүлү жана ЖКККБ  “Жол марафонун”  аталышындагы сынак өткөрүштү.

 Сынактын максаты-  билимди өз алдынча жана мектеп процессинде  жол кыймылынын эрежелерин  тууралуу билим алуу, ошондой эле балдардын катышуусундагы жол транспорт кырсыктарынан алдын алуу.

Бул сынак бир нече баскычтарды  камтыган

1. Мектептер арасында сүрөт тартуу “Азбука баары үчүн” сынагы

2. “Жол кыймылынын эрежелери сыйга татыктуу”  стенгазета сынагы

3. “Айдоочуга кат” акциясынын жыйытыгы менен  фотоколлаж сынагы

4. Жол кыймылынын эрежелерин билүү виктаринасы

Сынактын жүрүшүндө бардык мектептер өздөрүнүн чыгармачылык менен жасаган иштерин көрсөтүпсынактын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелерин билүү виктаринасын өтүп ошондой эле  жол белгилерин чечмелешти. Андан соң жол кыймылынын жаш тескөөчүлөр агитбригадасы сынактын конокторуна  жол кыймылын аткарып көрсөтүштү. Бардык сынактын жыйынтыгында  Чүй облусунун ИИББ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин  көз жаздымга калтырбай, жолдо жүрүүүдө этият болууга чакырышты. “Жол марафонунун” бардык катышуучулары ардак граматалар менен сыйланып, Токмок шаары боюнча ЖКККБ тарабынан  4 сыйлыктын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык тапшырылды.