11 911 жол кыймылынын коопсуздугунун эрежесин бузуу катталган

2018-жылдын 31 августунан 6 сентябрна чейин Кыргыз Ресаубликасынын  ИИМдин ЖКККББ жана анын бөлүмдөрү тарабынан- 11 911 жол кыймылынын коопсуздугунун эрежесин бузуу катталган.
 Анын ичинен:
-932 айдоочу башка жол кыймылына тоскоолдук жараткан;
-1156 айдоочу  унаа каражатынын чырагын жандырбаган абалда унаа башкарган;
-248 айдоочу тыюу салынган жол чырагынан өткөн;
-Унаа каражтын башкарууда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн -3174 айдоочуга айып салынган;
- Унаа каражатын мас абалда башкарган-126 айдоочу кармалган;
-Жол белгилерин  сактабагандыгы үчүн -2104 айдоочуга айып салынган;
- Унаа каражатынын алдыңкы жана каптал айнегин караңгылатуу  боюнча – 28 айдоочуга иш чара көрүлгөн;
-1364  айдоочу унаа каражатын жогорку ылдамдыкта башкарган;
605 унаа каражаты атайын унаа токтотулуучу жайга токтотулган.