Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ атайын балдарга Жол кыймылынын эрежелери боюнча китепчелерди иштеп чыкты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ атайын балдарга Жол кыймылынын эрежелери боюнча китепчелерди иштеп чыкты.Бүгүңкү күндө коомчулуктагы  курч маселелердин бири, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу менен болгон жол трансорт кырсыктары. Жаңы окуу жылдын башталышы менен республиканын бардык аймактарында “Салам мектеп!” аталышындагы үгүт-насаат иш-чаралары жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу менен болгон жол транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында өткөрүлүүдө.  Мектептерге  барып жол кыймылынын эрежелери жана статистика тууралуу айтып берүү балдардын кызыгуусун жаратпай калгандыгына байланыштуу ЖКККББ атайын балдарга “бил,эсте,сакта” аталышындагы боечу китерпчелерди иштеп чыгып, Бишкек шаарындагы №23 гиманизиянын башталгыч классында окуган окуучулар менен биргеликте жол кыймылынын эрежелери тууралу ырларды окуп, китептер белекке берилди. Бул иштин башталышы, мындай китепчелерди дагы да иштеп чыгып, бардык областарга таратылат.