1188 унаа каражаты атайын унаа токтотулуучу жайга токтотулган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жана бөлүмдөрү 21-сентябрдан 27-сентябрга чейин 20 482 жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктады Анын ичинен;  -         2291 айдоочу унаа каражатын  жогорку ылдамдыкта башкарган.          -           517 айдоочу тыюу салуучу жол чырагынан өткөн. -          1556 айдоочу  башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан -           унаа каражатын башкарууда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн- 4832 айдоочуга айып салынган -         Унаа каражатын мас абалда башкарган 338 айдоочу кармалган. -          Жол белгилерин сактабагандыгы үчүн- 3910 айдоочуга айып салынган.-         Унаа каражатынын алдыңкы жана каптал  айнегин караңгылатуу боюнча 66 айдоочуга чара көрүлгөн.