Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жөө жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга муздак суу тартты

Жайдын аптаптуу ыссык күнүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жөө жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга муздак суу тартты. 
2018-жылдын 10-июлунда Бишкек шаары боюнча ЖКККБнын кызматкерлери  “Шоро” компаниясы менен биргеликте  үгүт-насаат ишинин алкагында “0% алкоголсуз” аттуу акция өткөрүшүп, айдоочуларга , жөө жүрүүчүлөргө жана жүргүнчүлөргө муздак суу таратты. Акция шаардын борбордук көчөлөрүндө өткөрүлдү.
Ошондой эле кызматкерлер жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга эскертүү берип,жол кыймыл эрежелерин бузбоого жана жол кырсыктарын алдын алуу тууралуу ошондой эле  айдоочуларга ыссык аба ырайында өзүн алып жүрүү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.  Айдоочуларга спирт  ичимдиктин кесепеттерин эскертип сууну белек кылышты.