“Автоледи 2018” сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

2018-жылы 30-июнда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы тарабынан үчүнчү жыл катары менен өтүп жаткан “Автоледи 2018” сынагы өткөрүлдү.
Бул кароо-сынактын негизги максаты: Айымдар арасында жолдо жүрүү маданиятын сактоо, айдоочулук чеберчиликти жогорулатуу жана жол  кырсыктарын алдын алуу  болуп саналат.
“Автоледи 2018”сынагына, Жол кыймыл эрежеси боюнча тестирлөө жана  уюштуруучулардын чечими менен 62 сынакка катышам деп катталган айымдардын ичинен, 10 таланттуу делген кыздар катышууга жолдомо алган.
Биринчи тапшырмада өзү жөнүндө көрүүчүлөргө жана калыстар тобуна тааныштыруу болду.
Бул сынакта кыздар ыр окуп, ар кандай  кызыктуу чыгармачылыктарын тартуулап, жада калса жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме”чыгармасын театралдаштырып көрсөтүштү.
Фенюк Наталья атуу катышуучу сегиз айлык боюнда болгонуна карабастан бийлеп, шпагадка да отуруп көрүүчүлөрдү жана калыстар тобун таң калдырды.
Андан соң катышуучулар жол кыймыл эрежелери тууралуу тапшырмаларды аткарышып, унаа тетиктери боюнча билгичтигин көрсөтүп, унааны башкаруудагы  чеберчиликтерин тартуулашты. 
Унаа ханышасы кандай кырдаал болбосун ар дайым сулуу жана эмкечил болуусу керек. Мына ушундай себеп менен сынактын кийинки этабы калыстар тобуна жана көрүүчүлөргө өзүнүн сулуулугун көрсөтүү, бул сынак  “С корабля на бал” деп аталат. Бул баскычта башка баскычтарга салыштырмалуу катышуучулар кыска мөөнөтүн ичинде, ар бири өзүнүн унаасынын   ичинде кечки көйнөктөрүн кийип көрүүчүлөргө жана калыстар тобуна көрсөтөт.
Сынак майрамдык маанайда, өтө кызык  өтүп, сынактын жыйынтыгын чыгаруу калыстар тобуна оңой турган жок, себеби мыктынын мыктысын тандоо кыйын болду. 
Ага карабастан, калыстар тобунун жыйынтыгы менен- 210 упай менен  Уулжан Давлетова атаандаштарынан алдыга озуп чыгып, бирок наамдан жана белектерден баш тартып, баш байгени жана наамды Айгүл Тункушевага АЗС “Bishkek Petroleum” бизнес түйүнү тарабынан  ыйгарылган 500 литр күйүүчү майдын күбөлүгүн, үй сатып алуу үчүн 500 АКШ долларын күбөлүгүн өткөрүп берди.“Чебер Айым” сыйлыгын- Айзада Бекбалаева алды.“Чыгармачыл Айым” сыйлыгы менен тайманбас айым Наталье Фенюк аталган, “Жол кыймыл эрежесин билгич” наамын Ольга Видякина алды, “БУМ айым” наамына- Азим Эсеркеева ээ болду.  “Көрүүчүүлөрдүн жан тартуу ханышасы” наамын Ляззат Олмасова ээледи. Айдоо чеберчили боюнча “Професинал Айым” Юлия Царенко аталды. 
 Сынактын аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы Канат Сагынович бардык катышуучууларга,калыстар тобуна жана коомдук ишмер Ассоль Молдакматовага ошондой эле “INFOX” маалымат борборунун  башкы мүдүрү  Денис Паномеревго терең ыраазычылын билдирди.
“Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын өздүк курамы  “INFOX”  маалыматтык борбордун  башкы мүдүрү   Денис Паномеревго “Автоледи 2018” сынагын уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү жана жалпы фонду 500 миңди түзгөн катышуучуларга берилген белектерине терең ыраазычылыгымды билдирем”- Канат Сагынович.
Катышуучулар уюштуруучулардын “Мир Сладостей” кондитердик үйүнөн таттууларды,белектерди жана гүлдөрдү алышты.
TS Group курулуш компаниясы бардык катышуучуларга “Ыссык-Көл Аврора KG” үч күндүк билет тапшырды. ОсОО “Val-Bix”компаниясы акысыз май алмаштыруу күбөлүгүн  белек кылды. M.O.S.T   жаштар уюму жеңүүчүгө аккумулятор тапшырды. Ошондой эле көптөгөн баалуу белектер  бизнес коомчулугу “INFOX”маалыматтык борбору  тарабынан берилди.