Нарын облусунда кадимки автоунаадан айырмасы жок патрулдук автоунаанын макети орнотулду

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББгы тарабынан Нарын облусунда кадимки автоунаадан айырмасы жок  патрулдук автоунаанын макети орнотулду
Нарын облусу боюнча Жол кыймыл коомсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн үгүт-насаат ишитеринин алкагында жол транспорт кырсыктарын болтурбоо жана азайтуу максатында  эски  автоунаанын  кузову менен патрулдук автоунааны макети жасалып, “Бишкек-Нарын-Торугарт” унаа жолуна орнотулду. 

Нарын облусу боюнча  ЖКККБнын кызматкерлеринин  бул иш-аракети жол транспорттук кырсыктарды болтурбоо жана ылдамдыкты  азайтууга  жардамын берүүдө. Бул сыяктуу башка макеттер автоунаа жолдоруна орнотуу көздөөлүүдө.