Таласта «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагы өттү

Таласта «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагы өттү.

Кечээ, 4-апрелде Манас районунда окуучулар арасында«Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагы өттү.
Сынакка 7 команда катышкан, сынак жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарды алдын алуу жана жол эрежелерин үйрөтүү максатында уюштурулду. Жыйынтыгында Покровка айылынын орто мектебинин «Манас» командасы жеңишке ээ болуп, кызыктыруучу белектер менен сыйланды.

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!