30-март күнү Бишкек шаарынын эски аянтчасында “Жаркын бол” аталышындагы интерактивдүү акция өттү.

30-март күнү саат 17:00 чамасында Бишкек шаарынын эски аянтчасында  “Жаркын бол” аталышындагы интерактивдүү акция  өттү.

Бул иш-чара  “Мен Жол Кыймылынын Эрежесин  сактайм” республикалык долбоордун негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын  демилгеси менен өтүлдү.

Иш-чаранын программасына: интерактивдүү оюн-зоок программасы, ата мекендик эстрада жылдыздарынын ырдоосу жана балдарга арналган флешмобтор кирди.

Андан сырткары, ЖКККББнын атайын автоунаалары менен мотоциклдеринин катышуусундагы секция, жөө жүргүнчүлөргө арналган аймак, бор менен сүрөт тартуу үчүн аянтча, таалим-тарбия берүүчү сабак өтүлүп, түстүү чагылдыргычтар  таратылды.

ИИМдин ЖКККББнын башчысы Канат Жумагазиевдин айтуусу боюнча, бул иш чаранын максаты-өсүп келе жаткан муунга ЖКЭни үйрөнүүсүнө шарт түзүү. “Жол-транспорттук жаракат алууучурдагы эң башкы көйгөйлөрдүн бири.  Жыл сайын Кыргызстанда жол-транспорттук кырсыктан балдардын жана окуучулардын катышуусунда  ондогон кырсыктар катталат. Жол кыймылынын эрежелерин билүү жана так аткаруу жолдордон өтүүдө балдардын коопсуздугун сактайт”, -деп өз сөзүндө билдирди.

“Мен Жол Кыймылынын Эрежелерин сактайм” республикалык долбоордун негизинде бир катар маданий-алдын алуу иш-чараларды өткөрүү мерчемделүүдө:

“Мен жана менин үй бүлөөм Жол Кыймылынын Эрежелерин кантип сактайт”аталышындагы интернет-сынак;

“Жаркыра!” интерактивдүү акция;

Эстрада, спорт жана кино жылдыздарынын катышуусундагы мектеп окуучуларына ЖКЭ боюнча сабак өтүү.