ЖКККББ тарабынан эс алуучуларга маалыматтык буклеттер таратылууда

Жайкы “Туристтик маал-2018” даярдык көрүү жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ тарабынан күнү-түнү иштеген Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн жана  ыкчам жардам кызматынын  ишеним телефондору көрсөтүлгөн 40 миң даана маалыматтык нускамалар (буклеттер,стикерлер) чыгарылган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында укук бузуулар, мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктары, туристтердин укуктары жөнүндө маалыматтар камтылган Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин көчүрмөсү, ошондой эле туристтерге зарыл болгон негизги кызматтардын байланыш телефондору жазылган буклеттер чыгарылды. 

Буклеттер менен стикерлер республиканын  «Чалдовар», «Достук», «Черная речка» аймагындагы  өткөрмө пунктарында таратыла баштады. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын 070630900 WhatsApp  номери  менен  0312630900 жана  0703630900 ишеним телефондору аркылуу суроолорун жана каалоолорун билдирүү ирээтинде күнү-түнү кайрылса  болоорун эскертет.