Бишкек шаарында ЖКККБы кызматкерлери жана мектеп жетекчиликтери жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо боюнча жыйын өткөрүштү.

Жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, Бишкек шаардык ЖКККБы кызматкерлери, прокуратура, КР ИИМдин ЖКККББы жетекчилиги жана өкүлдөрү, шаардык усулдук билим берүү мекемесин өкүлдөрү жана мектеп башчыларынын катышуусундагы жолугуушу өткөрүлүп өспүрүмдөргө жол кыймылын эрежелерин үйрөтүүдө биргелешип иштөө жолдору тууралу талкуу жүргүзүштү. Талкуу учурунда, азыркы учурда кээ бир жерлерде кызыксыз жана үстүртөн иш жүрүп жаткандыгы айтылды. Жаңы технологиялардын, өнүгүүнүн заманында өспүрүмдөргө кызыктуу болуш үчүн колдо турган сүрөт тартуу, жол эрежелерине тийиштүү жол белгилерди жазоо, социалдык тармактардан ар кандай колдонмолордун (фильм, көрсөтүү, мультфильм) жардамы жана башка балдарга кызыктуу болуучу ыкмалар менен иш алып баруу кызматкерлер сунушташты.


Жолугушунун жыйынтыгында, жыйын катышуучулары өспүрүмдөргө жол эрежелери боюнча сабак өтүү ыкмаларын өзгөртүү жана жаңыланыш керек деген бир ойго келишти.