Чүй облустук ЖКККБы жаш өспүрүмдөр ортосунда кичи-футбол боюнча мелдеш өткөрүштү.

Мектеп окуучуларынын жазгы эс алуу маалында, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоо жана алын алуу максатында, 2018-жылдын 21-март күнүнөн 30-март күнүнө чейин, Чүй облустук ЖКККБы, Кант шаарчасындагы “Абыш-Ата” спорт комплексинде"Биз жол эрежеинин коопсуздугу үчүн күрөшөбүз" – деген ураан менен Чүй облусунун мектеп окуучуларынын 5-6-класстарынын ортосунда кичи-футбол боюнча спорттук мелдеш өткөрдү.
Иш-чаранын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр ыраазычылык кат жана баалуу байгелер менен сыйланышты.