Нарын ОИИБы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан "Техникалык абал!" иш чарасы өткөрүлдү


Кыргыз Республикасынын аймагында өтүп жаткан "Техникалык абал!" иш чарасынын алкагында Нарын ОИИБы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан, облустун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, жол эрежесин одоно түрдө бузган жана техникалык жактан бузук абалда айдап жүргөн айдоочуларды аныктоо үчүн, 2018-жылдын 26-марттан 28-мартка чейин иш-чара өткөрүштү.
Иш-чарада жалпы жол эрежесин бузган 300гө жакын айдоочу аныкталып, анын ичинен техникалык жактан бузук абалда автоунаа башкарган 24 айдоочу жана спирт ичимдигин ичип унаа башкарган 3 айдоочуга карата административдик протокол түзүлдү.