Чүй облусунун аймагында “Жөө жүргүнчү” аталышындагы профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү


 

Чүй облусу боюнча  ЖКККБы тарабынан баардык аймактарда жөө жүргүнчүлөргөтүшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүп жатат.

 Иш-чаранын негизги максаты жөө жүргүнчүлөркатышкан жол кырсыктарын болтурбоо жана жарандарга жол кыймылынын эрежесиндегижөө жүргүнчүлөрдүн милдеттерин түшүндүрүү.

2018-жылдын 16-март күнүнөн бери Чүйоблусу боюнча ЖКККБнын  кызматкерлери,райондук ИИБнин кызматкерлеринин көмөктөшүүсү менен иш алып барышууда.

Иш-чара күн алыс өткөрүлүп бүгүнкүкүндө Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежесинин 4-бөлүмүн аткарбаган50дөн ашык жөө жүргүнчүлөргө, Кыргыз Республикасынын Административдик чараларжөнүндөгү кодексинин 247-беренесинин негизинде протоколдор түзүлүп, айыптарсалынды.

Андан тышкары, 250 ашык жөө жүргүнчүлөргөжол кыймылынын катышуучусу катары, жол коопсуздугуна өз салымын кошуусу керекэкендиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, бир милициякызматкеринин аракети менен жол-транспорттук кырсыкты алдын алууга мүмкүн эмесэкендигин белгилеп кетүү керек. Жол кырсыктары менен күрөшүү-ар бир жарандынжана жол кыймылынын катышуучуларынын милдети. Жолдордо ар дайым кырсык коштоп жүрөт. Анда кайдигерликке жанажопкерчиликсиздикке жол жоктугун ар дайым эстеп жүрүү керек.

Урматтуу жол кыймылынынкатышуучулары,  жол кыймылынын эрежелеринсактап, өзүңүздүн жана жакындарыңыздын ден соолугуна жана өмүрүнө кам көргүлө!