Бишкек ш ЖКККБнын издөө кызматынын тескөөчүлөрү жөө жүргүнчүнү койуп кеткен айдоочуну аныктап кармады.

Жакында, 17-март күнү  НТС теле-каналынан Бишкек шаарында жол-транспорттук кырсык катталгандыгы, анда  “ВАЗ-2107”үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзгөн соң, жабырлануучуну алып, белгисиз тарапка кеткендиги тууралуу маалымат тараган.


Жогорудагы окуядан кийин Бишкек шаары боюнча ЖКККБнын бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган автоунааны жана жабырлануучулардын өздүгүн аныктоо боюнча издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жабырлануучулар милицияга кайрылышкан эмес.


Бүгүн, 19-март күнү жабыркалануучу такталып, жөө жүргүнчү ал күнү досуна жоолугуп, аны менен спирт ичимдигин ичип алып үйүнө бара жатып жол кырсыгына учурагандыгы аныкталган, андан соң унаа жана айдоочусу издөөгө алынган.


Жөө жүргүнчүнү түшүнүгүндө, жол кырсыгы болгон  соң, айдоочу аны салып алып кетип. Бирок, алар ал күнү ооруканага кайрылышкан эмес. Ооруканага кайрылган күнү дагы жабырлануучу жол кырсыгы тууралу айткан эмес.


2018-жылдын 19-март күнү ЖКККБнын кызматкерлери, Чүй облусунун аймагынан жол-транспорттук кырсыкка учураган  “ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаа аныкталып табылган.

Кийинки иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы автоунаанын айдоочусунун өздүгү такталды.


Азыркы учурда, жогоруда аталган жол кырсыгына катышкан автоунаа атайын койулуучу жайга токтотулуп,топтолгон материалдар Бишкек ШИИББнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.