Эне-баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Жакында, 19-март күнү  социалдык тармактарда  жана маалыматтык агенттиктерде Бишкек шаарында жол-транспорттук кырсык катталгандыгы, анда  “ВАЗ-21150” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу эне-баланы сүзгөн соң, жабырлануучуларды алып, белгисиз тарапка кеткендиги тууралуу маалымат тараган.

Жогорудагы окуядан кийин Бишкек шаары боюнчаЖКККБнын бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган автоунааны жана жабырлануучулардын өздүгүн аныктоо боюнча издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жабырлануучулар милицияга кайрылышкан эмес.

Бүгүн, 20-март күнү кыздын ата-энесинин өздүгү такталып, атасынын сөзү боюнча апасы кызын тиш дарылоо бейтапканасына алып баражаткан учурда жол-транспорттук кырсыкка кабылышкан.

Кызды сүзгөн учурда, ал катуу коркуп калганынан оорусун сезбегендиктен апасы айдоочуну тиш дарылоо бейтапканасына жеткирүүнү суранган. Бирок, алар ооруканага кайрылышкан эмес.

Бишкек шаары боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, кызын толук медициналык кароодон өткөрүшүп, эч кандай оор жаракат албагандыгы такталган.

2018-жылдын 19-март күнү ЖКККБнын кызматкерлери Бишкек шаарында жайгашкан техникалык жактан кароо станцияларды текшерүү учурунда, алардын биринен  жол-транспорттук кырсыкка учураган  “ВАЗ-21150”үлгүсүндөгү автоунаа табылган.

Кийинки иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы автоунаанын айдоочусунун өздүгү такталып, ал 32 жаштагы Б.А. аттуу жаран болуп чыккан.

Сүзүү фактысы боюнча кармалган жаран төмөнкүдөй көрсөтмө берген:

“ВАЗ-21150” үлгүсүндөгү автоунааны ал жөө жүргүнчүлөрдү  ташуу үчүн  башка бирөөдөн ижарага алган. Окуя болгон күнү Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүнүн туураа эмес жеринен  эне-бала чуркап чыгышкан.
Андан соң, алардын суранычы менен “Жал” кичи районунда жайгашкан ооруканага жеткирип, кетип калган.
Ал эми, ижарага алган автоунаасын ээсине кайтарып берген.

Ошондой эле, аталган автоунаанын ээси сатууга үлгүргөн.

Азыркы учурда, жогоруда аталган автоунаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, топтолгон материалдар Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.