Нооруз майрамы учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкек шаарынын кээ бир көчөлөрүнө чектөөлөр коюлат

21-март Нооруз майрамына байланыштуу коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкек шаарыны нкээ бир көчөлөрүнө чектөөлөр коюлат:

- Чүй кесилиши;  - Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок-Молдо көчөсүнө чейин;

-Эркиндик бульварынан баштап Панфилов, Орозбеков, Разаков көчөлөрүнө чейин;

-Абдымомунов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин;

Андан сырткары,транспорттук каражаттардын жана жарандардын көбөйүшүнө жараша Киев жана Фрунзе көчөлөрүндө автоунаалар үчүн убактылуу чектөөлөр коюлат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери республика аймагы боюнча жарандар көп жайгашкан жерлерде, соода-түйүн борборлорунун жана иш-чараны массалык түрдө өткөргөн жайлардын жанында кызматта болушат.