Эл ташуучу жеке ишканалар менен жолугушуу өткөрүлдү

Коомдук унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо, коомдук унаа айдоочулары менен үгүт иштерин жүргүзүү максатында Бишкек шаардык ЖКККБнын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери, эл ташуучу жеке ишкана жетекчилери, багыт топ башчылары жана айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Бишкек мэриясына караштуу шаардык унаалар башкармалыгынын кызматкерлери дагы чакырылып катышышты. Жолугушууда эл ташып жүргөн коомдук унаа айдоочуларынын жол эрежелерин сактоодо маанилүүлүгү жөнүндө, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча биргеликте жасалуучу иш чаралар тууралу талкуу болду. Айта кетчү нерсе 2018-жылдын башынан бери Бишкек шаардык ЖКККБнын техникалык көзөмөлгө алуу бөлүмү тарабынан 8 иш чара өткөрүлүп, 14 ишкана жетекчилерине тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөн үчүн 5 миң сомдон айып салынды. Айыптын жалпы саны 70 миң сомго жетти.