Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери Афган ардагерин куттуктады

2018-жылдын 16-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жумагазиев Канат Сагынович 15-февраль-Советтик аскерлерди Афган жеринен чыгарып кетүү күнүнө карата, Афган согушунун ардагери, милициянын прапорщиги Табалдиев Жаныбек Бектуровичти куттуктады.




Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкармалыгында, бөлүмдөрүндө жана бөлүмчөлөрүндө Афган согушун башынан өткөргөн көптөгөн кызматкерлер бар, ошолордун бири 1986-жылдан 1988-жылдын сентябрь айына чейин Афган жеринде, Советтик Армиянын катарында интернационалдык милдетин өтөпкелген, 1993-жылдан бери ички иштер органдарынын катарында иштеп, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөткер жардамчысы кызматында эмгек кылып келе жаткан, милициянын прапорщиги Табалдиев Жаныбекменен жолугушу болду.

Жолугушу жылуу маанайда өтүп, катышуучулар ошол убактагы оор күндөрдү, чогукызмат өтөгөн шериктерин эскеришти.



Өз убагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы, милициянын полковниги Жумагазиев Канат Афган Ислам Республикасында өзүнүн интернационалдык кызматын өтөгөн Табалдиев Жаныбекке ден-соолук, ийгилик, үй-бүлөөлүк бакыт каалап, Ардак грамотасын тапшырды.