Бардык жаңылыктар за 16.08.2019
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Грузиядан келген эксперттер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Грузиянын полициясындагы реформа, анын жыйынтыгында укук коргоо органдарына болгон жарандардын ишеними бекемделгени, андан сырткары “Коопсуз шаар” долбоорунун ийгиликтүү ишке ашканы жөнүндө сөз болду.
ЖКККББ транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо ишин баштады.
Жол белгилери 3.27 “Токтоого тыюу салынат” жана тосколдук жаратып авариялык абалга алып келген учурларда, транспорт каражаттарын атайын айып аятчасына мажбурлап эвакуаторлор менен жеткирилип Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 123-1 беренесинин 1-бөлүнө ылайык пратоколдор толтурулат.