Бардык жаңылыктар за 08.05.2019
Долбоордун алкагында, 2019-жылдын 6-майы күнү патрулдук милиция кызматынын башкармалыгына талапкерлерди кабыл алуу үчүн сынак жарыяланды.
Бишкек шаарында Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырыла баштады. Аталган долбоордун стратегиясы менен кадамдык планы Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен жол коопсуздугун камсыздоочу ички иштер органдарынын түзүмүн реформалоо боюнча жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы сынамык долбоордун алкагында Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматын түзүү боюнча кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт.
Сынакка төмөнкү жарандар катыша алат: 1) Кыргыз Республикасынын жарандары (эркектер - аялдар) 2) Жарандык жаштар арасында талапкер арыз берген учурда жаш курагы боюнча: