Бардык жаңылыктар за 01.10.2018
Урматту достор!
Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Кыргызстандагы БУУӨПтун колдоосу менен
ЖКККББнын тескөөчүсү өзүнүн өмүрүн тобокелге салып окуучуларды куткарды
1-октябрда болжол менен таңкы 9:00 Чүй көчөсүндө Бишкек ШИИББ боюнча ЖКККБнын 7-взводунун кенже тескөөчүсү, милициянын старшинасы Султаналиев Марат кызматтын өтөп жаткан кезде, Мерседес (БУС) үлгүсүндөгү унаанын катуу ылдамдыкта келе жатканын байкап, ал учурда окуучулар жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон өтүп бара жаткан. Султаналиев окуучуларды куткаруу максатында жолдун ортосуна чыкканда Мерседес келип сүзүп,10 метр алыс кулап түшкөн. Азыркы учурда тескөөчү Бишкек шаардык илимий-изилдөө борборунун травматология жана ортопедия бөлүмүнө жаткырылган.
1188 унаа каражаты атайын унаа токтотулуучу жайга токтотулган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жана бөлүмдөрү 21-сентябрдан 27-сентябрга чейин 20 482 жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктады Анын ичинен; - 2291 айдоочу унаа каражатын жогорку ылдамдыкта башкарган. - 517 айдоочу тыюу салуучу жол чырагынан өткөн. - 1556 айдоочу башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан - унаа каражатын башкарууда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн- 4832 айдоочуга айып салынган - Унаа каражатын мас абалда башкарган 338 айдоочу кармалган. - Жол белгилерин сактабагандыгы үчүн- 3910 айдоочуга айып салынган.- Унаа каражатынын алдыңкы жана каптал айнегин караңгылатуу боюнча 66 айдоочуга чара көрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жана ЖКККББнын ардагерлер кеңешинин өкүлүдөрү “Карылар күнү” менен куттукташты
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жана ЖКККББнын ардагерлер кеңешинин өкүлү Качкынбаев .К менен биргеликте жол кыймылынын коопсуздугун сактоо кызматынын ардагерлерин “Карылар күнү” менен куттукташты.