Бардык жаңылыктар за 03.03.2018
Баткен облусунун мектептеринде жол эрежеси боюнча класстык сааттар өтүүдө
2018 - жылдын 03 - март күнү Баткен облусунун Баткен районунун ЖКККБнун кызматкерлери тарабынан мектептерде жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыгын алдын алуу жана болтурбоо максатында линейкада жана ар бир класстарда жол эрежеси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Тайгалактын себебинен Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 4 адам каза болду
Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 4 адам каза болду. Маалыматка караганда, жол кырсык 3-мартта саат 08:15 чамасында катталган. Анда «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 56-чакырымында башкаруусун жоготуп, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен.
Нарын облусттук ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жөө жүргүнчүлөргө коштоо жүргүзүлдү
Нарын облусттук ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик Туу күнү жөө жүргүнчүлөргө коштоо жүргүзүлдү
Ош ОИИБы боюнча ЖКККБму тарабынан Ош облусунун аймагында профилактикалык рейддер өткөрүлдү
Ош ОИИБы боюнча ЖКККБму тарабынан Ош облусунун аймагында 2018-жылдын 20-28-февраль күндөрү жол транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында
Рейд
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы жакынкы күндөрү мамлекеттик кызматкерлер арасында эреже бузуу боюнча насаат иш чара өткөрдү. Иш чаранын алкагында төмөнкү жол эрежесин бузган айдоочулар кармалды.
Жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттордун айдоочуларына айып салынды
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын техникалык жактан көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин бузган коомдук транспорттордун айдоочуларын административдик жоопкерчиликке тартышты. Коомдук транспорттун айдоочулары жүргүнчүлөрдү уруксат берилбеген жерлерде түшүрүп, алардын ден соолугунун жана өмүрүнүн коопсуздугун сакташкан эмес.