Бардык жаңылыктар за 26.02.2018
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жол кырсыктарын алдын алуу максатында республика аймагында иш чара өткөрдү
Кыргыз Республикасынын ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын көзөмөлүндө республика аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш чара жүргүзүшүп, жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга карата тиешелүү чараларды көрүштү.
Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери Сокулук районунан жүргүнчүнү сүзүп качкан айдоочуну кармашты.
2018-жылдын 22-февраль күнү болжол менен түнкү саат 21.10 чамасында Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 44-чакырымында, белгисиз айдоочу, белгисиз унааны башкарып келе жатып азият улутундагы болжол менен 40-45 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен, жөө жүргүнчү алган жаракаттарынан окуя болгон жерден каза болгон.