Жүрүүчү бөлүктө транспорт каражаттарынын жайгашуусу

9.1. Рельсасыз транспорт каражаттары үчүн кыймыл тилкелеринин саны чийиндер же 5.8.1, 5.8.2, 5.8.7, 5.8.8-белгилери менен, ал эми алар жок болгон учурда жолдун туурасын, транспорт каражаттарынын габариттерин жана алардын ортосундагы зарыл интервалдарды эске алуу менен айдоочулар тарабынан аныкталат. Мында жүрүүчү бөлүктүн туурасынын сол жактагы жарымы каршы багыттагы кыймыл үчүн арналган тарап болуп эсептелет.

9.2. Төрт же андан ашык тилкелүү эки тараптуу кыймылы бар жолдордо каршы багыттагы кыймыл үчүн арналган жолдун тарабына чыгууга тыюу салынат.

9.1. 1.5 чийин (буга 1.9. чийини кирбейт) менен белгиленген үч тилкеси бар, алардын ортодогусу эки багытта тең жүрүү үчүн колдонулган эки тараптуу кыймылы бар жолдордо бул тилкеге эки багытта жүрүү үчүн гана чыгууга, бул тилкеге озуу, айланып өтүү, солго бурулуу же артка кайрылуу үчүн чыгууга уруксат берилет. Каршы багыттагы кыймыл үчүн арналган четки сол тилкеге, ошондой эле жүрүп бараткан багыттагы жолдун сол жаккы четине чыгууга тыюу салынат.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

9.2. Калктуу конуштардан тышкары, ошондой эле калктуу конуштардагы 5.1 же 5.3. белгилери менен белгиленген жана 80 км/сааттан ашык ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилген жолдордо транспорт каражаттарынын айдоочулары мүмкүн болушунча жүрүүчү бөлүктүн оң четин жакын айдоого тийиш. Оң жактагы тилкелер бош турганда сол тилкелерди ээлөөгө тыюу салынат.

Калктуу конуштарда ушул пункттун жана Эрежелердин 9.5, 16.1 жана 24.2-пункттарынын талаптарын эске алуу менен транспорт каражаттарынын айдоочулары өздөрү үчүн кыйла ыңгайлуу кыймыл тилкесин пайдалана алат. Тилкени солго же оңго буруулар, артка кайрылаар, озуп өтөөр же токтоор алдында гана алмаштырууга уруксат берилет.

Бирок бир багытта үч же андан ашык тилкедеги кыймылы бар ар кандай жолдордо четки сол тилкени башка тилкелер бош болбогон учурда катуу жүрүп баратканда гана, ошондой эле озуп өтүү, солго бурулуу же артка кайрылуу үчүн, ошондой эле уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашык болгон жүк ташуучу автомобилдерге - солго бурулуу же артка кайрылуу үчүн гана ээлөөгө жол берилет. Токтоо же токтоп туруу үчүн бир тараптуу кыймылы бар жолдордун сол тилкесине Эрежелердин 12.1-пунктуна ылайык чыгууга жол берилет.

Бир тилкедеги транспорт каражаттарынын анын жанындагы тилкеде бараткандардан катуу ылдамдык менен жүрүшү озуп өтүү деп эсептелбейт.

9.5. Кыймылынын ылдамдыгы 40 км/сааттан ашпаган же техникалык себептерден улам мындай ылдам жүрө албаган транспорт каражаттары четки оң тилке менен жүрүүгө тийиш, буга айланып, озуп өткөн же солго буруулар же артка кайрылаар алдында башка тилкеге өткөн учурлар кирбейт.

9.6. Тиешелүү багыттагы бардык тилкелер бош болбогон учурда, ошондой эле 8.5-пунктка ылайык айланып, озуп өткөн же солго бурулган же артка кайрылган учурда жүрүүчү бөлүк менен бир деңгээлде солдо жайгашкан удаалаш багыттагы трамвай жолдору боюнча жүрүүгө уруксат берилет. Мында трамвайга тоскоолдук түзүлүүгө тийиш эмес. Каршы багыттагы трамвай жолдоруна чыгууга тыюу салынат.

9.7. Эгерде жүрүүчү бөлүк чийиндер аркылуу тилкелерге бөлүнгөн болсо, транспорт каражаттары белгиленген тилкелер боюнча гана жүрүүгө тийиш. Башка тилкеге өткөн учурда гана үзүк чийиндерге чыгууга болот.

9.8. Реверсивдүү кыймылы бар жолго бурулган учурда айдоочу транспорт каражатын жүрүүчү бөлүктөрдүн кесилишинен чыккан учурда транспорт каражаты четки оң тилкени ээлегидей кылып айдоого тийиш. Айдоочу бул багыттагы кыймылга башка тилкелер боюнча да уруксат берилгендигине ынангандан кийин гана башка тилкеге өтүүгө уруксат берилет.

9.9. Жолдун чети, тротуар жана жөө адамдардын жолдору боюнча транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат (буга Эрежелердин 12.1, 24.2-пункттарында айтылган учурлар жана жол - эксплуатациялык жана коммуналдык кызматтардын машиналары кирбейт).

9.10. Эки багытта жүрүүчү жолдордо транспорт каражаттардын айдоочулары (эки бөлүүчү тилке же коопсуздук аралчасы жок болсо), эгер жол белгилери жана жол бетиндеги чийиндер башканы көрсөтпөсө, жүрүүчү бөлүктүн оң тарабынын ортосундагы жол курулмасынын элементтерин, тумбаларды (көпүрөлөрдүн, өткөөл жолдордун тирөөчтөрү жана ошол сыяктуулар) айланып өтүүгө тийиш.