Авариялык сигнализацияны жана авариялык токтоп калуу белгисин колдонуу

7.1. Авариялык жарык сигнализациясы төмөнкүдөй учурларда иштетилүүгө тийиш:

жол-транспорт кырсыгы болгон учурда;

токтоого тыюу салынган жерде аргасыздан токтогон учурда;

фаралардын жарыгынан айдоочунун көзү уялган учурда;

сүйрөтүү учурунда (сүйрөтүлүп келаткан транспорт каражатында).

балдарды уюштурулган ташууда аларды салуу жана түшүрүү учурунда;

Айдоочу транспорт каражаты түзүшү мүмкүн болгон коркунуч жөнүндө кыймылдын катышуучуларын эскертүү үчүн башка учурларда да авариялык жарык сигнализациясын иштетүүгө тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

7.2. Авариялык жарык сигнализациясын иштеткенден кийин, ошондой эле ал бузук же жок болгон учурда авариялык токтоп калуу белгиси (күйүп-өчкөн кызыл фонарь) төмөнкүдөй учурларда тез арада коюлууга тийиш:

- жол-транспорт кырсыгынын учурунда;

- токтоого тыюу салынган жерлерде аргасыздан токтогон учурда жана айлананын көрүнүшүнүн шарты транспорт каражатын башка айдоочулар өз учурунда байкабай турган жерлерде.

Бул белги (фонарь) конкреттүү кырдаалда башка айдоочуларды коркунуч жөнүндө өз учурунда эскертүүнү камсыз кылгыдай аралыкка орнотулат. Бирок бул аралык калктуу конуштарда транспорт каражатынан кеминде 15 метр жана калктуу конуштардан тышкары жерде 30 метр болууга тийиш.

7.3. Сүйрөтүлүп келаткан транспорт каражатында авариялык жарык сигнализациясы жок болгон же иштебеген учурда анын арткы бөлүгүнө авариялык токтоп калуунун белгиси бекитилүүгө тийиш.