Светофордун жана жөнгө салуучунун сигналдары

6.1. Светофорлордо жашыл, сары, кызыл жана агыш түстөгү жарык сигналдары колдонулат.

Светофордун сигналдары эмнеге арналгандыгына жараша тегерек, стрелка (жаа), жөө адамдын же велосипеддин көлөкөсү жана X түрүндө болушу мүмкүн.

Тегерек сигналдуу светофорлордо жашыл стрелка (жебе) түрүндөгү сигналы бар бир же эки кошумча секциясы болушу мүмкүн, алар жашыл тегерек сигналдын деңгээлинде жайгашат.

6.2. Светофордун тегерек сигналдары төмөнкүдөй маанини билдирет:

Жашыл сигнал жүрүүгө уруксат берет;

Күйүп-өчүп турган жашыл сигнал жүрүүгө уруксат берет жана анын иштеген убактысы бүтүп бараткандыгына жана жакын арада кыймылга тыюу салуучу сигнал күйө тургандыгын маалымдайт (жашыл сигнал күйүп турушунун аягына чейин калган секундалар убактысы жөнүндө айдоочуларга маалымдоо үчүн цифралуу табло колдонулушу мүмкүн);

Сары сигнал кыймылга тыюу салат. Эрежелердин 6.14-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, сигналдар алмашканы жаткандыгы жөнүндө да эскертет;

Күйүп-өчүп турган сары сигнал жүрүүгө уруксат берет жана жөнгө салынбаган кесилиш же жөө адам өткөөлү бар экендигин маалымдайт, коркунуч жөнүндө эскертет;

Кызыл сигнал, анын ичинде күйүп-өчүп турган кызыл сигнал кыймылга тыюу салат.

Кызыл жана сары сигналдардын чогуу күйүшү кыймылга тыюу салат жана жашыл сигнал күйгөнү жатканы жөнүндө маалымдайт.

6.3. Светофордун кызыл, сары жана жашыл түстөгү стрелка түрүндө аткарылган сигналдары(*) тиешелүү түстөгү тегерек сигналдар сыяктуу эле мааниге ээ болот, бирок алардын күчү стрелка менен көрсөтүлгөн багыттарга (багытка) гана жайылтылат. Мында солго бурулууга уруксат берген стрелка артка кайрылууга да уруксат берет, бирок буга тиешелүү жол белгиси менен тыюу салынбаган учурда гана уруксат болот.

Кошумча секциядагы жашыл стрелка да ушундай эле мааниге ээ. Кошумча секциянын өчүп турган сигналы бул секция жөнгө салган багыттагы кыймылга тыюу салууну билдирет.

6.4. Эгерде светофордун негизги жашыл сигналына кара контурдук стрелка (стрелкалар) тартылган болсо, ал айдоочуларга светофордун кошумча секциясы бар экендиги жөнүндө маалымдайт жана кошумча секциянын сигналыныкынан башка уруксат берилген кыймыл багытын көрсөтөт.

6.5. Эгерде светофордун сигналы жөө адамдын (велосипедин) силуэти түрүндө аткарылган болсо, анын күчү жөө адамдарга (велосипед тепкендерге) гана жайылтылат.

Велосипед тепкендердин кыймылын жөнгө салуу үчүн азайтылган өлчөмдөгү тегерек светофор да колдонулушу мүмкүн, ал кара түстөгү велосипеддин сүрөтү бар 200 x 200 мм өлчөмүндөгү ак түстөгү тик бурчтуу табличка менен толукталат.

6.6. Жүрүүчү бөлүктү кесип өтүшү мүмкүн экендиги жөнүндө азиз жөө адамдарга маалымат берүү үчүн светофордун жарык сигналдары үн чыгаруучу сигнал менен толукталышы мүмкүн.

6.7. Жүрүүчү бөлүктүн тилкелери боюнча, атап айтканда, кыймыл карама-каршы багытка өзгөрүп кетиши мүмкүн болгон тилкелер боюнча транспорт каражаттарынын кыймылын жөнгө салуу үчүн X түрүндөгү кызыл сигналы жана төмөн караган жебе түрүндөгү жашыл сигналы бар реверсивдүү светофор колдонулат. Бул сигналдар өздөрү үстүндө жайгашкан тилке боюнча кыймылга тиешелүү түрдө тыюу салат же уруксат берет.

Реверсивдүү светофордун негизги сигналдары диагонал боюнча төмөн оң же сол жакка бурулган жебе түрүндөгү сары сигнал менен толукталышы мүмкүн, анын күйүшү сигнал жакын арада сигналдар алмаша тургандыгын жана жебе көрсөткөн тилкеге өтүү зарылчылыгын маалымдайт.

Эки тараптан тең 1.9 чийини менен белгиленген тилкенин үстүндө жайгашкан реверсивдүү светофордун сигналдары күйүп турганда бул тилкеге кирүүгө тыюу салынат.

6.8. Трамвайлар, ошондой эле башка маршруттагы транспорт каражаттары үчүн бөлүнгөн тилке боюнча алар жүрүп баратканда алардын кыймылын жөнгө салуу үчүн "Т" тамгасы түрүндө жайгашкан агыш түстөгү төрт тегерек сигналы бар бир түстөгү сигнализациялуу светофорлор колдонулат. Кыймылга бир эле учурда төмөнкү сигнал жана бир же бир нече жогорку сигнал күйгөндө гана уруксат берилет, алардын сол жактагысы - солго, ортодогусу - түз, оң жактагысы - оңго уруксат берет. Эгерде үстүңкү үч сигнал гана күйүп турса, анда кыймылга тыюу салынат.

Темир жол өткөөлүндө жайгашкан күйүп-өчүп турган агыш тегерек сигнал өткөөл аркылуу транспорт каражаттарынын кыймылына уруксат берет. Күйүп-өчүп туруучу агыш сигнал жана кызыл сигнал өчүп турганда өткөөлгө жакындан келаткан поезд (локомотив, дрезина) көрүнүүчү чектерде ал жок болгон учурда өтүүгө уруксат берилет.

6.10. Жөнгө салуучунун сигналдары төмөнкүдөй маанини билдирет:

Колдору эки жакка сунулган же түшүрүлгөн:

сол жана оң каптал жактан трамвайга түз, рельсасыз жүрүүчү транспорт каражаттарына түз жана оңго жүрүүгө, жөө адамдарга жүрүүчү бөлүктөн өтүүгө уруксат берилет;

төш жана арт жагынан бардык транспорт каражаттарынын жана жөө адамдардын кыймылына тыюу салынат.

Оң кол алдыга сунулган:

сол каптал тараптан трамвайга солго, рельсасыз транспорт каражаттарына бардык багытта кыймылга уруксат берилген;

төш тарабынан бардык транспорт каражаттарына оңго гана кыймылга уруксат берилген;

оң каптал жана арт жактан бардык транспорт каражаттарына кыймылга тыюу салынган;

жөө адамдарга жөнгө салуучунун артындагы жүрүүчү бөлүктөн өтүүгө уруксат берилген.

Кол өйдө көтөрүлгөн:

бардык транспорт каражаттарынын жана жөө адамдардын бардык багыттагы кыймылына тыюу салынган, буга Эрежелердин 6.14-пунктунда каралган учурлар кирбейт.

Жөнгө салуучу колунун кыймылдары менен айдоочуларга жана жөө адамдарга түшүнүктүү болгон башка сигналдарды да бере алат.

Сигналдар жакшы көрүнүшү үчүн жөнгө салуучу жезлди же кызыл сигналы (жарык бергичи) бар дисканы пайдалана алат.

6.11. Транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талап катуу үн чыгаруучу түзүлүштүн жардамы же транспорт каражатына багытталган колдун кыймылы менен берилет. Айдоочу өзүнө көрсөтүлгөн жерге токтоого тийиш.

6.12. Кошумча сигнал кыймылдын катышуучуларынын көңүлүн буруу үчүн ышкырык менен берилет.

6.13. Светофордун (буга реверсивдүү светофор кирбейт) же жөнгө салуучунун тыюу салуучу сигналы берилгенде айдоочу стоп-линиясынын (5.33 белгиси) алдына, ал эми ал жокто төмөнкүчө токтоого тийиш:

кесилиште - жөө адамдарга тоскоолдук кылбастан жүрүүчү бөлүктүн кесилишинин алдына (Эрежелердин 13.7-пунктун эске алуу менен);

темир жол өткөөлүнүн алдында - Эрежелердин 15.4-пунктуна ылайык;

башка жерлерде - кыймылына уруксат берилген транспорт каражаттарына жана жөө адамдарга тоскоолдук кылбастан, светофордун же жөнгө салуучунун алдына.

6.14. Сары сигнал күйүп же жөнгө салуучунун колу көтөрүлүп турганда шашылыш тормоз бербестен Эрежелердин 6.13-пунктунда аныкталган жерлерге токтой албаган айдоочулар кыймылын улантышына уруксат берилет. Сигнал берилген учурда жүрүүчү бөлүктө болгон жөө адамдар аны бошотууга, ал эми буга мүмкүн болбогондо транспорт агымдарын карама-каршы багытка бөлгөн линияга токтоого тийиш.

6.15. Жөнгө салуучунун сигналдарынын тараптары менен буйруктарын, булар светофордун сигналдарына, жол белгилеринин же чийиндеринин талаптарына карама-каршы келген учурда да, айдоочулар жана жөө адамдар аткарууга тийиш.

6.16. Темир жол өткөөлдөрүндө светофордун күйүп-өчкөн кызыл сигналы менен бир эле учурда үн сигналы берилиши мүмкүн. Ал кыймылдын катышуучуларына өткөөл аркылуу өтүүгө тыюу салуу жөнүндө маалымдайт.

(*) Кыймыл жана жашыл стрелкалардын ордуна ошол эле мааниде кара контурлары бар тегерек кызыл жана сары сигналдар пайдаланылышы мүмкүн.