Жүргүнчүлөрдүн милдеттери

5.1. Жүргүнчүлөрдү транспорт каражатына отургузуу жана андан түшүрүү ал толук токтогондон кийин гана тротуар же жолдун жээги тарабынан жүргүзүлөт.

Эгерде тротуар же жолдун жээги тараптан отургузуу жана жерге түшүрүү мүмкүн болбосо, ал жүрүүчү бөлүк тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн, мында бул коопсуз болууга жана кыймылдын башка катышуучуларына тоскоолдук кылбоого тийиш.

5.2. Жүргүнчүлөргө төмөнкүлөргө тыюу салынат:

транспорт каражаты жүрүп бараткан учурда айдоочуну аны башкаруудан алагды кылууга;

борт платформасы бар жүк ташуучу автомобилде баратканда бортко же борттон ашкан жүктүн үстүнө турууга, отурууга;

транспорт каражаты жүрүп бараткан учурда анын эшигин ачууга;

жөнгө салуучулар же ички иштер органдарынын кызматкерлери сутканын караңгы мезгилинде транспорт каражатты токтоткон учурда кызматкердин негизсиз болушу мүмкүн деп болжолдонгон аракеттерин далилдөө үчүн автомобилден айдоочу менен кошо чыгууга. Мында жүргүнчүлөр милиция кызматкерине өзүнүн функциялык милдеттерин аткарууга жолтоо кылбоого тийиш;

жасаган заводдо караштырылган коопсуздук курун арчынданбастан жүрүп бараткан автомобилде болууга;

мототранспорт каражатта топчуланбаган шлемсиз же аны кийбестен жүрүүгө.

транспорт каражатынын ичинде болгон учурда, коомду жана кыймылдын башка катышуучуларын сыйлабай тургандыгын ачык-айкын көрсөтүү менен коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын атайын жана көз көрүнөө бузуу.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 1362016-жылдын 16-январындагы № 9 токтомдорунун редакцияларына ылайык)