Айдоочулардын жалпы милдеттери

2.1. Механикалык транспорт каражатынын айдоочулары төмөнкүлөргө милдеттүү:

2.1.1. Транспорт каражатын токтотууга жана милиция кызматкерлеринин талабы боюнча аларга, текшерүү үчүн тиешелүү категориядагы айдоочунун күбөлүгүн, ал эми айдоочунун күбөлүгү белгиленген тартипте алып коюлган учурда - мындай транспорт каражатын башкаруу укугуна убактылуу уруксатты;

транспорт каражатына каттоо документтерин;

айдоочулук күбөлүккө талон;

ушул транспорт каражатына IV топтогу мүлк үчүн салыкты төлөгөндүгүн ырастаган, же аны төлөөдөн бошотулгандыгын күбөлөндүргөн документти;

ушул транспорт каражатында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча ишкердикти ишке ашыруу учурунда - жеке ишкер катары мамлекеттик каттоосу жүнүндө күбөлүктү же ыктыярдуу патентти же болбосо алардын нотариалдык күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн;

белгиленген учурларда жолдомо барагын жана ташып бараткан жүккө документтерди, - өз жанында алып жүрүүгө жана милиция кызматкерлеринин талабы боюнча аларга, ошондой эле текшерүү үчүн кошундарга жана милициянын штаттан тышкаркы кызматкерлерине берүүгө.

Колдонулуп жаткан мыйзамдарда түз каралган учурларда лицензиялык карточкаларды, жолдомо барагын жана товар - транспорттук документтерди алып жүрүүгө жана текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Республикалык башкы инспекциянын кызматкерлерине берүүгө.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 1362012-жылдын 28-майындагы N 3292015-жылдын 20-октябрындагы № 714 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2.1.2. Коопсуздук курлары менен жабдылган транспорт каражатында баратканда аны курчанууга жана курду курчанбаган жүргүнчүлөрдү ташыбоого (Эрежелердин 22.8-пунктуна ылайык 12 жашка чейинки балдарга, транспорт каражатын окуп жаткан адам айдап баратканда - айдоону окутуучуга, ал эми калктуу конуштарда, мындан тышкары оперативдүү кызматтардын(*) автомобилдеринин айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө курду тагынбоого жол берилет. Мотоциклди башкарууда мотошлемди байланып кийүүгө жана мотошлемди байланбаган жүргүнчүнү ташыбоого.

2.2. Эл аралык жол кыймылына катышкан механикалык транспорт каражатынын айдоочусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Жол кыймылы жөнүндө конвенцияга ылайык келген транспорт каражатына каттоо документтерин жана айдоочунун күбөлүгүн жанына алып жүрүүгө;

- транспорт каражатында ал катталган мамлекеттин каттоо жана айырмалоо болууга.

2.3. Транспорт каражатынын айдоочусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

2.3.1. Транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагынан кызмат адамдарынын милдеттери боюнча Негизги жоболорго(**) ылайык транспорт каражатынын оң техникалык абалын жолго чыгар алдында текшерүүнү жана жолдо жүргөндө камсыз кылууга.

2.3.2 Жумушчу тормоз системасы, рулду башкаруугу иштебеген, чиркеп коюу түзүлүшү иштебеген (поезддин курамында), караңгыда же жол начар көрүнгөн шартта жолдордо жасалма жарыктар жок болгондо фаралары жана арткы габарит жарыктары күйбөгөн (жок болгон), жаан же кар жаап жатканда айдоочу тараптагы терезе тазалагыч иштебеген учурда (***) андан аркы кыймыл токтотулат.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык).

Жолдо баратканда Негизги жоболордун 1-тиркемесиндеги башка бузулуулар келип чыккан учурда айдоочу аларды четтетүүгө тийиш, ал эми андай кылууга мүмкүн болбосо, ал зарыл сактык чараларын көрүү менен токтоп туруучу же оңдоочу жерге айдап бара алат;

2.3.3. Ички иштер органынын кызматкеринин талабы боюнча мастык даражасын аныктоону өтүүгө. Белгиленген учурларда Эрежелерди жана айдоо көндүмдөрүн билүү жагынан текшерүүдөн өтүүгө, ошондой эле транспорт каражатын башкарууга кудуретин текшерүү үчүн медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө;

2.3.4. Транспорт каражатын төмөнкүлөргө сунуш кылууга: кырсыкка учураганда бузулган транспорт каражаттарын ташуу, жаратылыш кырсыгы болгон жерге жетүү үчүн ички иштер органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле колдонулуп жаткан мыйзамдарда каралган кечиктирүүгө болбогон башка учурларда ички иштер органдарынын, мамлекеттик коопсуздук органдарынын, салык полициясынын кызматкерлерине;

медициналык жардам көрсөтүү үчүн удаалаш багытта бараткан медициналык кызматкерлерге, ошондой эле шашылыш медициналык жардамга муктаж граждандарды дарылоо мекемелерине жеткирүү үчүн медициналык кызматкерлерге, ички иштер органдарынын, мамлекеттик коопсуздук органдарынын кызматкерлерине, кошундарга жана милициянын штаттан тышкаркы кызматкерлерине.

Эскертүү:

  1. Транспорт каражаттарын токтотуу талабы Эрежелердин 6.11 пунктунда каралган.
  2. Мамлекеттик коопсуздуктун жана салык полициясынын кызматкерлерине транспорт каражатын сунуш кылуу жөнүндө талаптар граждандарга таандык транспорт каражаттарына жайылтылбайт.
  3. Транспорт каражатын пайдаланган адамдар айдоочунун талабы боюнча справка берүүгө же жол барагына жазууга (анда жол жүрүү убактысын, басып өткөн жолдун аралыгын, өз фамилиясын, кызматын, кызматтык күбөлүгүнүн номерин, өзүнүн уюмунун аталышы көрсөтөт), ал эми медициналык кызматкер Белгиленген үлгүдөгү талонду берүүгө тийиш.
  4. Транспорт каражатын мамлекеттик коопсуздук органдарынын жана салык полициясынын кызматкерлерине сунуш кылуу менен байланышкан чыгымдарды транспорт каражатынын айдоочусунун талабы боюнча бул органдар белгиленген тартипте ордун толтурат.

2.4. Транспорт каражатынын айдоочусунун документтерин текшерүүгө жана транспорт каражатын пайдаланууга укугу бар адамдар айдоочунун талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.

2.5. Жалпы негиздердин 8-пунктунда көрсөтүлгөндөй "Инвалид" деген белгиси бар автомобилдерди жана мотоколяскаларды башкаруучу инвалид-айдоочулар 3.2; 3.3; 3.28 белгилеринин талаптарына баш ийбестен, 7.18 табличкасы коштолгон 3.27 белгисинин таасир эткен зонасында токтой алат.

2.6. Жол-транспорт кырсыгы болгон учурда ага тиешеси бар айдоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:

транспорт каражатын дароо токтотууга (ордунан жылдырбоого), Эрежелердин 7.2-пунктуна ылайык авариялык жарык сигналын иштетүүгө жана авариялык токтотуу белгисин (күйүп-өчкөн кызыл фонарды) коюуга, кырсыкка тиешеси бар буюмдарды жылдырбоого;

жапа тарткан адамдарга врач келгенге чейин медициналык жардам көрсөтүү үчүн мүмкүн болгон чараларды көрүүгө. "Шашылыш медициналык жардамды" чакырууга, ал эми өтө шашылыш учурларда жапа чеккен адамды тиешелүү багытта бараткан транспортко салып жиберүүгө, бул мүмкүн болбогон учурда өз транспорт каражаты менен жакынкы дарылоо мекемесине жеткирүүгө, өз фамилиясын, транспорт каражатынын каттоо белгисин билдирүүгө (мында анын ким экендигин тастыктаган документти жана транспорт каражатына каттоо документин көрсөтөт) жана кырсык болгон жерге кайтып келүүгө;

эгерде башка транспорт каражаттарынын кыймылы мүмкүн болбосо, жолдун өтүүчү бөлүгүн бошотууга. Өтүүчү бөлүктү бошотуу жана жапа тарткан адамдарды өз транспорт каражаты менен дарылоо мекемесине жеткирүү зарыл болгон учурда транспорт каражатынын абалын, кырсыкка тиешеси бар издерди жана буюмдарды алдын ала белгилеп коюуга жана аларды сактоо жана кырсык болгон жерди айланып өтүүнү уюштуруу үчүн бардык чараларды көрүүгө;

болгон окуя жөнүндө ички иштер органдарына кабарлоого, көргөн кишилердин фамилияларын жана адресин жазып алууга жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин келишин күтүүгө;

жол-транспорт кырсыгын четтетүү үчүн үн сигналын берүүгө жол берилет.

2.7. Эгерде жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жапа чеккендер болбосо, айдоочулар кырсыктын схемасын алдын ала түзүп жана ага кол коюп, болуп өткөн кырдаалга баа берүү үчүн өз ара макулдук менен окуяны жазуу жүзүндө толтуруу үчүн жакын турган МАИ постуна же ички иштер органына келе алышат, ал эми материалдык зыян анча эмес болсо айдоочулар келтирилген зыянды өз ара макулдашуу боюнча төлөө жөнүндө чечимге келе алышат.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

2.8. Айдоочуга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

мас абалда (алкоголго, баңги затка жана башкага мас болгондо), ой-жүгүртүүнү жана көңүл бурууну начарлаткан дары-дармектердин таасири астында, ооруксунган же чарчаган абалда транспорт каражатын башкарууга, булар кыймылдын коопсуздугуна коркунуч келтирет;

мас абалдагы, дары-дармектердин таасири астындагы, ооруксунган же чарчаган абалдагы адамдарга, ошондой эле тиешелүү категориядагы транспорт каражатын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгү жанында болбогон адамдарга транспорт каражатын башкарууну берүүгө;

уюшулган (анын ичинде жөө) колоннаны кесип өтүүгө жана анын арасынан орун алууга.

Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын атайын автомобилдери коштобостон уюшулбаган колонна менен авариялык жарык сигналдарын, тышкы жарык приборлорун, ошондой эле ушул Эрежелерде каралбаган кошумча жарыктандыруу сигналдарын күйгүзүп, үн сигналдарын иштетип алып жүрүүгө;

өзүнүн тиешеси бар жол-транспорт кырсыгынан кийин, же транспорт каражат милиция кызматкеринин талабы боюнча токтотулгандан кийин мастыгын аныктоо үчүн текшерүү же андай текшерүүдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин алкоголь ичимдиктерди, наркотик же психотроптук каражаттарды колдонууга;

транспорт каражатты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгилеген, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленген эмгек жана эс алуу режимин бузуу менен башкарууга;

жүрүп бараткан убакта колго кармабастан сүйлөшүүгө мүмкүндүк берчү техникалык түзүлүш менен жабдылбаган телефонду пайдаланууга;

токтоп турган транспорт каражатта жолдун жүрүүчү тарабындагы каалганы ачык калтырууга.

коомдук тартипти атайын жана көз көрүнөө бузуу, транспорт каражаттарынын (автомобилдер, мотоциклдер, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмө жүрүүлөр ж.б.) катышуусу менен белгиленген тартипте макулдашылбаган мелдештерди уюштуруу жана катышуу, кыймыл үчүн коркунуч түзүп жүрүүлөр, ошондой эле бештен ашык транспорт каражаттарынын үйлөнүү үлпөт колоннасындагы транспорт каражаттарынын кыймылы.

Эскертүү. Өкмөттүк кортеждин же делегациянын курамында бештен ашык транспорт каражатынын колоннасында; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автомашинасынын коштоосундагы колоннада; сөөк коюу процессиясында; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты берилген колоннада жүрүүгө уруксат берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 1362012-жылдын 27-сентябрындагы N 6562016-жылдын 16-январындагы № 9 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

(*) "Оперативдүү жана атайын кызматтардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

(**) Мындан ары - Негизги жоболор

(***) Минималдуу ылдамдык менен баратканда да айдоочуга транспорт каражатын токтотууга же маневр жасоого мүмкүндүк бербеген системалар иштебеген система деп эсептелет.