Тыюу салуучу белгилер

Тыюу салуучу белгилер кыймылга белгилүү чектөөлөрдү киргизет же алып салат.

3.1 "Кирүүгө тыюу салынат". Бул багыт боюнча бардык транспорт каражаттарынын киришине тыюу салынат.

3.2 "Кыймылга тыюу салынат". Бардык транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.

3.3 "Механикалык транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат".

3.4 "Жүк ташуучу автомобилдердин кыймылына тыюу салынат". Уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашкан (эгерде белгиде масса көрсөтүлбөсө) же белгиде көрсөтүлгөн уруксат берилген максималдуу массадан ашкан жүк ташуучу автомобилдердин жана транспорт каражаттарынын курамына, ошондой эле тракторлорго жана өзү жүрүүчү машиналардын кыймылына тыюу салынат.

3.4 белгиси бортунда ак кыйгач тилкеси бар же адамдарды ташууга арналган жүк ташуучу автомобилдердин кыймылына тыюу салбайт.

3.5 "Мотоциклдин кыймылына тыюу салынат".

3.6 "Трактордун кыймылына тыюу салынат". Тракторлордун жана өзү жүрүүчү машиналардын кыймылына тыюу салынат.

3.7 "Чиркегич менен жүрүүгө тыюу салынат". Жүк ташуучу автомобилдердин жан тракторлордун ар кандай типтеги чиркегичтер менен жүрүшүнө, ошондой эле механикалык транспорт каражаттарын сүйрөп жүрүүгө тыюу салынат.

3.8 "Арабалардын жүрүшүнө тыюу салынат". Арабалардын (чананын), атчан жана чегилген малдын жүрүшүнө, ошондой эле мал айдап өтүүгө тыюу салынат.

3.9 "Велосипеддин жүрүшүнө тыюу салынат". Велосипед жана мопеддердин жүрүшүнө тыюу салынат.

3.10. "Жөө кишилердин жүрүшүнө тыюу салынат". Жөө кишилердин жүрүшүнө тыюу салат жана жолдун өзү орнотулган тарабына карата гана колдонулат. Жөө кишилердин жүрүшү коркунучтуу болгон жана транспорт каражаттардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон жол участокторунда колдонулат (көпүрөлөр, эстакадалар, өткөөл жолдор, тоннелдер, жол четтери ж.б.у.с.).

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

3.11 "Массага чек коюу". Жалпы массасы белгиде көрсөтүлгөндөн көп болгон транспорт каражаттарынын, анын ичинде транспорт каражаттарынын курамынын кыймылына тыюу салынат.

3.12 "Ок темирге күч келтирүүгө чек коюу". Ок темирине белгиде көрсөтүлгөндөн көп күч келген транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.

3.13 "Бийиктикке чек коюу". Габариттик бийиктиги (жүгү менен же жүгү жок) белгиде көрсөтүлгөндөн жогору болгон транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.

3.14 "Жазылыгына чек коюу". Габариттик жазылыгы (жүгү менен же жүгү жок) белгиде көрсөтүлгөндөн жазы болгон транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.

3.15 "Узундугуна чек коюу". Габариттик узундугу белгиде көрсөтүлгөндөн узун болгон транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттар курамынын) кыймылына тыюу салынат.

3.16 "Минималдуу аралыкка чек коюу". Белгиде көрсөтүлгөндөн аз дистанцияда транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.

3.17.1 "Бажы". Бажынын (контролдук пункттун) алдында токтобой өтүүгө тыюу салынат.

3.17.2 "Коркунуч". Жол-транспорт кырсыгына, аварияга же башка коркунучка байланыштуу бардык түрдөгү транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.

3.18.1 "Онго бурулууга тыюу салынат".

3.18.2 "Солго бурулууга тыюу салынат".

3.19 "Артка бурулууга тыюу салынат".

3.20. "Ашып өтүүгө тыюу салынат". Ылдамдыгы кеминде 30 км/саат менен бараткан жалгыз транспорт каражатынан башкалардын бардыгынан ашып өтүүгө тыюу салынат.

3.21 "Ашып өтүүгө тыюу салуу зонасынын бүтүшү".

3.22 "Жүк ташуучу автомобиль менен ашып өтүүгө тыюу салынат". Максималдуу уруксат берилген массасы 3,5 тоннадан ашкан жүк ташуучу автомобилдерге ылдамдыгы 30 км/саат менен жалгыз бараткандардан башкалардан ашып өтүүгө тыюу салынат. Тракторлорго, ат арабалар жана велосипеддерден башка бардык транспорт каражаттарынан ашып өтүүгө тыюу салынат.

3.23 "Жүк ташуучу автомобиль менен ашып өтүүгө тыюу салуу зонасынын бүтүшү".

3.24 "Максималдуу ылдамдыкка чек коюу". Белгиде көрсөтүлгөндөн ашкан ылдамдык (км/саат) менен жүрүүгө тыюу салынат.

3.25 "Максималдуу ылдамдыкка чек коюу зонасынын бүтүшү".

3.26 "Үн чыгарып сигнал берүүгө тыюу салуу". Жол-транспорт кырсыгын болтурбоо үчүн берилген сигналдан башка учурларда үн чыгарып сигнал берүүгө тыюу салынат.

3.27 "Токтоого тыюу салынат". Транспорт каражаттарынын токтошуна жана токтоп турушуна тыюу салынат.

3.28 "Токтоп турууга тыюу салынат". Транспорт каражаттарынын токтоп турушуна тыюу салынат.

3.29 "Айдын так сандагы күндөрүндө токтоп турууга тыюу салынат".

3.30 "Айдын жуп сандагы күндөрүндө токтоп турууга тыюу салынат". 3.29 жана 3.30 белгилери бир учурда колдонулганда транспорт каражаттары бир жактан экинчи жакка 19 сааттан 21 саатка чейин которулат.

3.31 "Бардык чек коюу зонасынын бүтүшү". Чек коюу зоналарынын бүтүшүн төмөнкүдөй бир нече белгилер: 3.16, 3.20, 3.22, 3.24, 3.26-3.30. билдирет.

3.32 "Коркунучтуу жүгү бар транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат". "Коркунучтуу жүк" деген белги коюлган транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.

3.33 "Жардыргыч жана тез тутануучу жүгү бар транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат". "Коркунучтуу жүк" деген белги коюлган жана 19433-88 ГОСТу боюнча 1, 2.2-2.4 3.1, 3.2, 5.2 класстагы коркунучтуу жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.

3.2-3.9, 3.32 жана 3.33 белгилери тийиштүү түрдөгү транспорт каражаттарынын эки багытка тең кыймылына тыюу салат.

3.1-3.3, 3.18.1, 3.18.2, 3.19, 3.27 белгилери маршруттагы транспорт каражаттарына жайылтылбайт.

3.2-3.8 белгилери көрсөтүлгөн зонада жайгашкан ишканаларды тейлеген, ошондой эле көрсөтүлгөн зонада жашаган же иштеген граждандарды тейлеген же ал граждандарга таандык транспорт каражаттарына жайылтылбайт. Мындай болгон учурда транспорт каражаттары көрсөтүлгөн зонага баруучу жерге жакын жердеги кесилиш аркылуу кирет жана чыгат;

3.28-3.30 белгилери таксометри иштеп жаткан таксилерге жайылтылбайт.

3.2, 3.3, 3.28-3.30 белгилери I жана II топтогу майыптар башкарган же ал майыптарды ташып бараткан транспорт каражаттарына жайылтылбайт.

3.18.1, 3.18.2 белгилери белги орнотулган жердин алдындагы жүрүүчү бөлүктүн кесилишине жайылтылат.

3.16, 3.20, 3.22, 3.24, 3.26-3.30 белгилери колдонулуучу зона белги орнотулган жерден андан кийинки жакынкы кесилишке чейин, ал эми калктуу конуштарда кесилиш жок болсо - калктуу конуштун акырына чейин жайылтылат. Белгинин колдонулушу жолго жамаатташ жактан аймактардан чыккан жерлерде жана талаа, токой жана башка экинчи даражадагы тийиштүү белги орнотулбаган жолдор менен кесилишкен (бириккен) жерлерде токтотулбайт.

5.22 белгиси коюлган калктуу конуштун алдында орнотулган 3.24 белгисинин колдонулушу ал белгиге чейин жайылтылат.

Белгилерди колдонуу зонасы төмөнкүлөр үчүн азайтылышы мүмкүн:

3.16 жана 3.26 белгилери үчүн 7.2.1 табличкасын колдонуу менен;

3.20, 3.22, 3.24 белгилери үчүн анын колдонуу зонасы бүткөн жерге 3.21, 3.23, 3.25 белгилерин орнотуу же 7.2.1 табличкасын колдонуу менен. 3.24 белгисин колдонуу зонасы кыймылдын максималдуу ылдамдыгынын башка мааниси көрсөтүлгөн 3.24 белгисин орнотуу менен азайтылышы мүмкүн.

3.27-3.30 белгилери үчүн аларды колдонуу зонасы бүткөн жерге 7.2.3 табличкасы бар 3.27-3.30 белгилерин кайталап коюу же 7.2.2. табличкасын колдонуу менен. 3.27 белгиси 1.4 чийини менен бирге, ал эми 3.28 белгиси 1.10 чийини менен бирге колдонулушу мүмкүн. Мында белгилерди колдонуу зонасы чийиндин узактыгы менен аныкталат.

3.10, 3.27-3.30 белгилеринин колдонулушу жолдун алар орнотулган жагына гана жайылтылат.