Артыкчылык белгилер

Артыкчылык белгилер кесилиштен, жолду кесип өтүүчү жерлерден же ичке жол участкаларынан өтүүнүн кезектүүлүгүн көрсөтүү үчүн орнотулат.

2.1 "Негизги жол". Бул жол жөнгө салынбаган кесилиштен өтүүдө артыкчылык укугун берет.

2.2 "Негизги жолдун бүтүшү" негизги жолдун аягына же кесилиштин башталышына орнотулат. Мындай учурда айдоочу жүрүп бараткан кесилиштеги багытында биринчи болуп өтүп кетүүгө артыкчылыктуу укугу болбойт.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

2.3.1 "Экинчи даражадагы жол менен кесилишүү".

2.3.2, 2.3.3 "Экинчи даражадагы жолго кошулуу". 2.3.2 - оң жактан жанашуу, 2.3.3 - сол жактан жанашуу.

2.4 "Жол бер". Айдоочу транспорт каражатына кесилиш жол боюнча баратканда, ал эми 7.13 табличкасы бар болсо - башкы жол менен баратканда жол берүүгө тийиш.

2.5 "Токтомоюнча өтүүгө тыюу салынат". Стоп - тилкенин алдында токтобой өтүүгө, ал эми ал жок болсо жолдун кесилишинин алдында токтобой өтүүгө тыюу салынат. Айдоочу транспорт каражаты кесилиш жол боюнча баратканда, ал эми 7.13 табличкасы болсо башкы жол менен баратканда жол берүүгө тийиш.

2.5 Белгиси темир жол өткөөлүнүн же карантин постунун алдына орнотулушу мүмкүн. Мындай болгон учурда айдоочу Стоп тилкенин алдына, ал эми ал жок болсо - белгинин алдына токтоого тийиш.

2.6 "Каршы кыймылдын артыкчылыгы бар". Эгерде, каршы кыймылга кыйынчылык келтире турган болсо ичке жол участкасына чыгууга тыюу салынат". Айдоочу ичке участкада же ага карама-каршы келаткан транспорт каражатына жол берүүгө тийиш.

2.7 "Каршы кыймылга караганда артыкчылыгы бар". Каршы келаткан транспорт каражатына карата айдоочу артыкчылыктан пайдаланган ичке жол участкасы.