Эскертүүчү белгилер

Эскертүүчү белгилер айдоочуларга жолдун коркунучтуу бөлүгүнө жакындагандыгы жөнүндө, аны менен жүрүү тийиштүү жагдайда тийиштүү чараларды көрүү керектигин маалымдайт.

Бул топтогу белгилер 1.3.1, 1.3.2, 1.4.1-1.4.6, 1.31.1-1.31.3. белгилерден башкалары ак фондуу жана жээктүү кызыл үч бурчтуу формада болушат.

1.1 "Шлагбаум коюлган темир жол өткөөлү" жана 1.2. "Шлагбаум коюлбаган темир жол өткөөлү" - айдоочуга тийиштүү өткөөлгө келгенин эскертет, ал жерде айдоочу ашып өтүүгө, кайрылууга, артка берүүгө, аялдоого жана токтоп турууга байланыштуу чектөөлөрдү аткарууга милдеттүү.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

1.3.1 "Бир нуктуу темир жол", 1.3.2. "Көп нуктуу темир жол". Шлагбаум коюлбаган темир жол аркылуу өткөөлдү белгилөө: 1.3.1. - бир нуктуу, 1.3.2. - эки жана андан ашык нуктуу.

1.4.1-1.4.6. "Темир жол өткөөлүнө жакындоо". Калктуу конуштан тышкары жерде темир жол өткөөлүнө жакындоо жөнүндө кошумча эскертүү.

1.5 "Трамвай линиясын кесип өтүү". Трамвай линиясын кесилиштен башка жерде кесип өтүү жөнүндө эскертет, ал жерде рельссиз транспорт каражаттын айдоочусу трамвайга жол берүүгө милдеттүү (трамвай деподон чыгып жаткандан башка учурларда).

1.6 "Теңдеш жолдорду кесип өтүү". Кесилишкен теңдеш жолдордон өтүү жөнүндө эскертет, ал жерде айдоочу оң жакта келаткан транспорт каражатка жол берүүгө милдеттүү.

1.7 "Айлампа кыймылды кесип өтүү".

1.8 "Светофор менен жөнгө салуу". Жөө адамдар өткөөлүнүн кесилишин же жол участкасындагы кыймыл светофор менен жөнгө салынган жер.

1.9 "Ажыратылуучу көпүрө". Ажыратылуучу көпүрө же паром өткөөлү.

1.10 "Жээкке чыгуучу жол". Жээкке чыгуу.

1.11.1, 1.11.2 "Коркунучтуу бурулуш". Жолдун кыска радиус менен бурулушу же жолдун начар көрүлүшү: 1.11.1 - оңго, 1.11.2 - солго.

1.12.1. 1.12.2. "Коркунучтуу бурулуштар". Кооптуу бурулуштары бар жол участкасы: 1.12.1 - биринчи бурулушу оңго, 1.12.2 - биринчи бурулушу солго.

1.13 "Тик ылдый түшүү" жана "Тик өйдө чыгуу". Жолдун ылдый түшүү же өйдө чыгуу жүрүп бараткан транспорт каражаттар үчүн опурталдуу болгон участогуна келгенин эскертет. Ылдый түшүүдө ылдамдык жана которгучтар кошулуу менен жай ылдамдыкта ишке ашырылууга тийиш. Өйдө чыгууда айдоочу өргө баратканда которулбачу тийиштүү жай ылдамдыкты тандоого тийиш. Андай участоктордо токтогон учурда айдоочу транспорт каражат жүрүүчү бөлүктө жылып кетпестен турушун камсыздоочу чараларды көрүүгө милдеттүү. Кайчы өтүү татаал болгондо өйдө чыгып келаткан транспорт каражатка жол берүү зарыл. Өрдүн аягында утурлаш тилкеге чыгып озуп өтүүгө, кайрылууга, аялдоого жана жүрүүчү бөлүктө токтоп турууга тыюу салынат.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

1.15 "Тайгалак жол". Жолдун таманы өтө жылгаяк болгон участок.

1.16 "Тегиз эмес жол". Жолдун таманы тегиз болбогон участок (өңгүл-дөңгүл, чуңкурлар, көпүрөлөр жана ушул сыяктуулар).

Көңүл буруңуздар:

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомуна ылайык Жол белгилери" деген иллюстрацияланган тиркеменин "Эскертүүчү белгилер" деген 1-бөлүмү "1.16.1 Искуственная неровность" эскертүүчү белгиси менен толукталды

1.16.1. "Жасалма тегиз эмес жол" - ылдамдыкты азайттыруу үчүн жолдун жасалма тегиз эмес участогу. Мектептердин, бала бакчалардын ж.б. жанындагы көчөлөрдө жана жолдордо МАИнин көрсөтмөсү боюнча тийиштүү жол-коммуналдык органдар орнотушат.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

1.17 "Шагылдын ыргышы". Шагыл таш жана ушул сыяктуу нерселер транспорт каражаттарынын дөңгөлөгүнөн ыргышы мүмкүн болуучу участок. Мындай учурда айдоочу ылдамдыкты азайтып, башка транспорт каражаттардан дистанцияны жана каптал интервалды алыстатып, айнектер жана фаралар сынбашы үчүн ашып өтүүдөн жана озуп өтүүдөн карманышы зарыл.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

1.18.1-1.18.3 "Жолдордун тарышы". 1.18.1- Жолдордун эки жагынан тарышы, 1.18.2 - оң жактан, 1.18.3 - сол жактан.

Айдоочу ылдамдыкты азайтып жана чоң эмес интервалда кайчы өтүүгө даяр болушу зарыл. Кайчы өтүү татаал болсо бараткан тилкени алмаштырган айдоочу багытын өзгөртпөстөн өз тилкеси менен бараткан айдоочуга жол берүүгө милдеттүү. Жол эки жагынан тарыган учурда айдоочулар өз ара макулдашуу боюнча кайчы өтүүгө тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

1.19 "Эки тараптуу кыймыл. Жолдун каршы кыймыл башталган участкасы.

1.20 "Жөө адам өткөөлү". 5.16.1, 5.16.2 белгилери жана (же) 1.14.1-1.14.3 чийиндери менен көрсөтүлгөн жөө адам өткөөлү.

Айдоочуларга ылдамдыкты азайтуу жана тийиштүү өткөөлдөрдөн өтүүнүн эрежелерин сактоо зарыл болгон өткөөлгө келгенин эскертет. Андай участоктордо озуп өтүүгө, кайрылууга, аялдоого жана жүрүүчү бөлүктө токтоп турууга байланыштуу чектөөлөрдү да унутпоо зарыл.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

1.21 "Балдар". Жолго балдар чыгып кетиши мүмкүн болуучу балдар мекемелерине (мектеп, ден соолук чыңдоочу лагерь жана ушул сыяктуулар) жакын участок.

1.22 "Велосипед жолу менен кесилишүү".

1.23 "Жол иштери".

1.24. "Мал айдоо" жана 1.25 "Жапайы жаныбарлар" жүрүүчү бөлүктө мал жана жапайы жаныбарлар болушу же жолго чыгышы мүмкүн болгон жол участокторуна жакындагандыкты эскертет. Жаныбарларды тебелеп кетүү оор кесепеттерге дуушарлантышы мүмкүн. Айдоочу жаныбарлар чыга калганда өз убагында токтоону камсыздоочу коопсуз ылдамдык менен жүрүүгө тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

1.26 "Таштын кулашы". Жер көчкү жүрүшү, таш кулашы мүмкүн болуучу участок.

1.27. "Капталдан соккон шамал" айдоочуларга жолдун катуу соккон шамал транспорт каражаттын чайпалып, туруктуулугу жоготулушуна алып келиши мүмкүн болгон участогуна жакындагандыкты эскертет. Андай жерлерге жолдордун көлмөлөрдүн жанындагы участоктору, тоодогу капчыгайлар ж.б.у.с. кирет. Андай учурларда айдоочуга ылдамдыкты азайтып жана абдан этият болуу сунушталат.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

1.28 "Жапыз учкан самолет".

1.29 "Тешкен тоо". Жасалма жарык кылуусу жок тоннель же кирүүчү эшиги жакшы көрүнбөгөн тоннель.

1.30 "Башка коркунучтар". Башка эскертүүчү белгилер менен каралбаган коркунуч бар участок.

1.31.1, 1.31.2 "Бурулуштун багыты". Айлануу радиусу кичине болгон начар көрүнгөн кыймылдын багыты. Оңдолуп жаткан жол участкасын айланып өтүү багыты.

1.31.3 "Бурулуштун багыты". Т түрүндөгү кесилишке же жолдун айрылышына карай кыймылдын багыты. Оңдолуп жаткан жол участкасын айланып өтүү багыты.

Калктуу конуштан тышкары жерде 1.1, 1.2, 1.5-1.30 эскертүү белгилери коркунучтуу участок башталганга чейин 150-300 метр аралыкта, ал эми калкттуу конуштарда 50-100 метр аралыкта орнотулат. Зарыл болгон учурда белгилер башка аралыктарга орнотулушу мүмкүн, ал 7.1. табличкасында көрсөтүлөт.

1.13 жана 1.14-белгилери 7.1-табличкаларын орнотпостон, тик ылдай же тик өйдө чыгуунун башталышында, эгерде, ылдый түшүү же өйдө чыгуу биринин артынан бири келсе орнотулат.

Жолдун таманында кыска мөөнөттүү жумуштар жүргүзүлүп жатканда 1.23 белгиси ал иш жүргүзүлүп жаткан жерге чейин 10-15 метр, аралыкта (7.1.1 табличкасыз) орнотулушу мүмкүн.

Калктуу конуштан тышкары жерлерде 1.1, 1.2, 1.9, 1.10, 1.21 жана 1.23 белгилери кайталанат. Экинчи белги коркунучтуу участок башталганга чейин кеминде 50 метр аралыкта орнотулат.

1.3.1 жана 1.3.2 белгилери түздөн-түз темир жол өткөөлүнүн алдына орнотулат.

(*) Жол белгилеринин номерлери 10807-78 ГОСТуна ылайык келет.